Исфана шаарындагы 3 тилдүү мектепте класстык бөлмөлөр жетишпей, эмеректер жараксыз абалда

Исфана шаарындагы 3 тилдүү мектепте класстык бөлмөлөр жетишпей, эмеректер жараксыз абалда

Билим АКИpress - Лейлек районунун Исфана шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинде класстар жетишсиз. Бул тууралуу аталган мектептин директору Орозгүл Саттарова билдирди.

Анын айтымында, А.Навои атындагы орто мектеби 950 орунга ылайыкташып, учурда 1 миң 600 окуучу билим алууда.

«Биздин мектеп 1977-жылы салынып, иштеп баштаган. Башында өзбек тилдүү болсо, учурда 3 тилде билим берилет: өзбек, орус, кыргыз. Шаарда тилге басым жасаган ата-энелер көп болгондуктан, 2 жылдан бери окуучулардын саны өсүп, өлчөмүнөн көп болуп кеткен. 950 орундуу мектепте 1 миң 600 окуучу билим алат. Ошондуктан келерки жылы орус тилдүү башталгыч классты кабыл албай турсак деп жатабыз. Эмеректер, парталар да эскилиги жетип калган. Жыл сайын камкорчулардан чогулган акчага парта, отургуч сатып алабыз. Бирок толук камсыздай албайбыз. Мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Жылытуу системасы начар», - дейт мектеп директору Орозгүл Саттарова.

Класс жетишпегендиктен, окуучулар тыгылып отурушат. «Сабак өтүү кыйын, үч-үчтөн болуп олтурушат. Балдардын билим алуусуна тоскоолдук жаралат. Парта, отургучтар да эски, көбү сынып кеткен», - дейт А.Навои мектебинин тарых мугалими Бүайша Сулайманова.

2014-2025-жылдар аралыгындагы билим берүү мекемелерин капиталдык ондоп-түзөө программасына кирип, ушул жылдар аралыгында оңдолорун райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты. «Көп тилдүү мектеп болгондуктан, окуучулар чынында көбөйдү. Аны жоюу үчүн башка мектептерге да орус тилди киргизишибиз керек. Ал үчүн мугалимдер жетишсиз болууда. Ага атайын университеттер менен байланышып, адистерди окутуп, алып келели деп жатабыз. Мектеп 2014-2025-жылдар аралыгындагы билим берүү мекемелерин оңдоо долбооруна киргизилген. Кезеги келгенде, ушул жылдар аралыгында өндоп-түзөө иштери жүрөт», - дейт Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ирсалат Ниязалиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up