Жалпы республикалык тестирлөө киргизилгенден бери студенттердин билим деӊгээли «плинтустун ары жагына» түшүп кетти, - пикир

Жалпы республикалык тестирлөө киргизилгенден бери студенттердин билим деӊгээли «плинтустун ары жагына» түшүп кетти, - пикир

Билим АКИpress - Жалпы республикалык тестирлөө киргизилгенден бери студенттердин билим деӊгээли «плинтустун ары жагына» түшүп кетти. Мындай пикирди Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин басма сөз кызматын жетектеген Жээнбек Эралиев билдирди.

Төмөндө анын макаласы өзгөртүүсүз берилди:

«Кыргызстанда жасалып аткан кээ бир иштерди көрүп туруп, суроо туулат: «Биз эмне, башка мамлекетте жашап жатабызбы? Эмне үчүн өз өлкөбүздүн тагдырына, келечегине ушунчалык кайдыгер карап, көӊүлкош мамиле кылабыз?». Сөзүм куру болбошу үчүн бир мисал келтирейин.

Жалпы республикалык тестирлөө.

ЖРТ киргизилген 2002-жылдан бери студенттердин билим деӊгээли жөн эле төмөндөбөстөн, «плинтустун ары жагына» түшүп кетти (баарыныкы эмес албетте, бирок басымдуу көпчүлүгүнүкү). Муну мектеп мугалимдери, ЖОЖ окутуучулары, министрлер, депуттатар — баары эле сопсонун билишет, бирок эмнегедир «көрсө да – көрмөксөн, билсе да – билмексен». Эгер, ушул темпте кете берсек, башкача айтканда, балдардын билимин ЖРТ менен баалаганды уланта берсек, дагы бир 20-30 жылдан кийин (улуу муундун өкүлдөрү пенсияга чыгып, ЖРТ менен окууга өткөндөр «бийлей» баштаганда), Кыргызстан сабатсыз жана билимсиз «адистердин» өлкөсүнө айланып, чет өлкөлүктөрдүн көзүн карап каларыбыз айдан ачык.

Эмне үчүн ЖРТ киргенден бери окуучулардын билим деӊгээли мынчалык төмөндөдү? Анын себеби (жыртыктары) үчөө:

Биринчиси – тесттеги тапшырмалардын жөнөкөйлүгү.
Мисалы, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан чыгарылган «Попробуй свои силы в ОРТ. Основной тест. Задания реального теста. 2015» деген жыйнактагы математика боюнча негизги тесттерде интеграл, туунду, логарифм, тригонометрия, барабарсыздык, теӊдемелер системасы, планиметрия, стереометрия боюнча бир дагы суроо жок. Анда эмне калат? Ооба, кошуу, кемитүү менен көбөйтүү, бөлүү калат. Мисалы, аталган жыйнактагы математика боюнча тесттин 31-тапшырмасында «1.3 – (1.2 + 1.8) + 1.7 =...» деген туюнтманын маанисин табуу, ал эми 7-тапшырмада «90 мүнөт менен 0.9 саатты салыштыруу» талап кылынат. Калгандары деле ушундай деңгээлдеги жөнөкөй ташырмалар. Эмне, 11-классты бүтүп жаткан окуучунун билим деӊгээлин ушулар аныктайбы? Бул деген 5-класстын деӊгээли да. Бул – ЖРТнын бир жыртыгы.

Экинчи жыртыгы — эмне үчүн Кыргызстандык окуучулардын 11 жыл бою алган билимин мамлекеттик орган эмес, Американын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен ачылган кайдагы бир «Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору» деп аталган коомдук фонд баалаш керек? Эмне, америкалыктар биздин балдардын илимдүү, билимдүү, өз алдынча эркин ой жүгүртө ала турган инсан болушуна кызыкдар дейсизби? Андай болушу мүмкүн эмес! Тескерисинче, алар биздин мектептерден акыл-эси кем, логикадан артта калган «современный маңкурттар» чыгышына шарт түзүп жатпасын (катуу айтсам кечирим сурайм)! Эмне үчүн салтанаттуу чогулуш, жыйындарда «Балдар – биздин келечегибиз» деп ооз көптүрөбүз дагы, ал келечектин сапатын аныктоону кайдагы бир коомдук фондго тапшырып коёбуз?

Үчүнчү жыртыгы — тест системасы менен азыркы абитуриент, келечектеги кесип ээсинин билим деӊгээлин, эмнеге жөндөмү, шыгы бар экенин билүүгө болбойт. Бул — аксиома, далилдин кереги жок. Мисалы, болочок чет тилчинин ал тилде кантип сүйлөгөнүн угуп, жазганын көрбөсөк, болочок математиктин эсепти кантип чыгарганын, болочок врачтын химиялык формулаларды кантип колдонгонун көрбөсөк, анан кантип тесттин негизинде эле анын билим деӊгээлин, жөндөмүн, шыгын аныктоого болот? Ал эми экзамен маалында комиссия мүчөлөрү абитуриенттин өзүн «тирүү» көрүп, сөзүн угуп, логикалык ой жүгүртүүсүн байкап, эсеп-теңдемелерди кантип чыгарганын текшерип, анын эмне «өнөрү» бар экендигин сезишет, койгон баасы да объективдүү болот. А тесттин «кургак» жооптору абитуриент тууралуу эмнени айта алат. Дагы бир кызыгы — тест болгондон кийин, жооптор вариант түрүндө берилет. Алардын туурасын бири мээсин коротуп, ойлонуп тандаса, экинчиси – «жөн эле», кокусунан белгилеп коёт. Эр болсоӊ билип ал – кимиси кандай жол менен тандаганын. Анан кайгырып коёбуз, «жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арыз жазганды билбейт» деп. Алган продуктыларыӊ кандай болсо, жасаган тамагыӊ ошондой болот да!

Эми, «сындашын го сындадыӊ, ордуна эмне сунуштайсыӊ?» деген суроого жооп издеп көрөйүн.

1. Январь-май айларында республика боюнча мугалимдер арасында сынак өткөрүлүп, предметтер боюнча мыкты мугалимдер тандалат. Тандалган мугалимдерге алардын экзамен алаары айтылбайт да, август айынын 1нен 20сына чейин (экзамен маалында) областтардын борборуна жана Бишкек шаарына алып келинип, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган мейманканага жайгаштырылат. Алардын бүт кыймыл-аракети, байланыштары көзөмөлгө алынып, 20 күн бою уюлдук телефон колдонушпайт. Белгилеп кетчү нерсе, эч бир мугалим өзү жашаган аймакта калтырылбайт.

2. Жогорку окуу жайларына кабыл алуу оозеки жана жазуу түрүндөгү экзамендердин негизинде жүргүзүлөт. Экзаменге ЖОЖ окутуучулары катышпайт, анткени экзамендин тапшырма, суроолору мектеп программасы боюнча түзүлөт.

Жазуу түрүндөгү экзамендер ЖОЖ имаратында өткөрүлүп, тапшырмалар абитуриенттерге Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери тарабынан таратылат. Ал ошондой эле экзамендин жүрүшүнө көзөмөл салат, эч кимди киргизбейт. Абитуриенттер барактын бурчуна аты-жөнүн жазып, бүктөп, чаптап коюшат. Экзамен аяктагандан кийин кызматкер ал барактарды чогултуп алып, Улуттук коопсуздук комитетинин имаратына алып барат. Ал жерде экзамендик иштерди жогоруда тандалган предметтик мугалимдер текшерет. Алар кимдикин текшерип атканын билбейт, анткени барактын бурчу чапталуу. Текшерилип бүткөндөн кийин, УКМК жана ЖОЖ өкүлүнөн турган комиссия (2 эле адам) барактардын бурчун ачып, абитуриенттердин алган бааларын компьютердик маалыматтар базасына киргизишет.
Оозеки сынактарды да жогоруда тандалган мугалимдер жогорку окуу жайынын имаратында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин көзөмөлүндө кабыл алып, жыйынтыгын маалыматтар базасына киргизишет.

3. Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлери аталган базанын негизинде жогорку упай алган абитуриенттерди аныктап, окууга өткөн абитуриенттердин тизмесин илишет.

4. Экзамендер бүткөндөн кийин текшерген мугалимдерге мамлекет тарабынан белгилүү өлчөмдө сыйлык берилет, мисалы 70 миӊ сомдон. Бул жылы экзамен алган мугалимдер эмки жылы катышпайт.

Албетте, бул схема татаал сезилиши мүмкүн, бирок тест системасына караганда алда канча эффективдүү болуп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чындап окугусу келген, илимге, билимге жана кесипкөй адис болууга умтулган абитуриенттерди тандоого шарт түзөт. Эптеп диплом алгысы келгендер «борттун артында» калат. Бул схема коррупциялык көрүнүштөрдү да болтурбайт деп ишенүүгө болот».

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
1
Таң калуу
Ачуулануу
1
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up