Миң-Булак айылынын мугалими облустук мелдеште коло медалдын ээси болду

Миң-Булак айылынын мугалими облустук мелдеште коло медалдын ээси болду

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектебинин мугалими Наргиза Абыкаева «Дени сак улут – өнүккөн өлкө» деген ураандын алкагында өткөн облустук мелдеште 60 кг салмакка чейинки кыз-келиндер арасында кол күрөш боюнча 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.

Наргиза Абыкаева мектепте балдарга кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим берет. Бош убактысында спорт менен машыгат. Жыл сайын өткөрүлгөн райондук, облустук деңгээлдеги спорттук иш-чараларга катышып, бир нече медаль жана диплом алууга жетишкен.

Учурда мектептин социалдык кызматын жетектейт. 4 баланын мээримдүү энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up