Кадамжайдагы «Жийделик» мектебинде адеп мугалимдеринин райондук семинары өттү

Кадамжайдагы «Жийделик» мектебинде адеп мугалимдеринин райондук семинары өттү

Билим АКИpress - Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу «Жийделик» толук эмес орто мектебинде 2018-жылдын 18-майында адеп мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

Семинарга Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн райондук усулдук бирикмесинин жетекчиси Гапирова Мария Гапировна, адеп сабагы боюнча усулдук бирикмесинин жетекчиси Айдарова Пазилет Айдаровна, 82 мектептин ичинен 27 мектептин адеп мугалимдери, ошондой эле «Жийделик» толук эмес орто мектебинин жалпы мугалимдер жамааты катышты.

Бул иш пландын негизинде аталган мектептин адеп мугалими Сүйүндүкова Гүлбахар «Мен айылымды кантип көрктөндүрө алам» деген темада 7-класстын окуучуларына жаңы типтеги практикалык сабагын жана А.Масалиев атындагы №17 орто мектебинин адеп мугалими Раимбабаева Авазкан 8-класстын окуучуларына кайталоо-бышыктоо сабагын өтүштү.

Семинардын соңунда «Жийделик» орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан «Ыр кеседе ыр десте» аттуу маданий иш-чара тартууланды. Ыр-бий, оюн-зооктор менен коштолгон ыр кесе кызуу өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында анализ жүргүзүлүп, өтүлгөн иш-чаралар райондук деңгээлде иш тажрыйбаларды жайылтууга сунушталды.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up