Базар-Коргондогу өзбек тилдүү мектептердин жамааты сынакта кыргыз тилинде ат салышты (фото)

Базар-Коргондогу өзбек тилдүү мектептердин жамааты сынакта кыргыз тилинде ат салышты (фото)

Билим АКИpress - Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2018-жылдын 17-майында Ю.Исламов атындагы №34 орто мектебинде Арсланбоб айыл аймагында жайгашкан өзбек тилдүү мектептердин ортосунда «Чыңгыз Айтматов — залкар жазуучу» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.

Сынакта №19 Арсланбоб жана Ю.Исламов атындагы №34 орто мектептери кыргыз тилинде ат салышты.

Катышуучулар Ч.Айтматовдун аңгеме, повесть, романдарынан сахналаштырып, көркөм окушуп, чыгармаларына арналган ырларды жандуу ырдашып, өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыктарын, чеберчиликтерин жана билимдерин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында №19 Арсланбоб орто мектеби 1-орунду, Ю.Исламов атындагы №34 орто мектеби 2-орунду камсыз кылышып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up