Жийде айылындагы мектептин жамааты Ч.Айтматовдун карындашы Р.Айтматова менен жолугушту (фото)

Жийде айылындагы мектептин жамааты Ч.Айтматовдун карындашы Р.Айтматова менен жолугушту (фото)

Билим АКИpress - Кечээ, 17-майда Манас районунун Жийде айылындагы орто мектептин окуучулары жана мугалимдери Роза Айтматова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айтбекова Мейликан билдирди.

Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, айыл тургундары, район жетекчилери катышты.

«Кечээ улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Роза Айтматова менен жолугушуу болду. Бул жолугушуу окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да сыймыктуу күн болду. Биз Р.Айтматованы жана жанында коштоп жүргөндөрдү чакан мектебибиз менен тааныштырып, андан соң мектеп залындагы 90 жылдык маарекесине арналган дубал гезиттер, буклеттер жана окуучулардын чыгармалар боюнча тарткан сүрөттөрү менен тааныштырып чыктык», - деди мектептин директору.

Ошондой эле окуучулар Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата чакан иш-чара уюштуруп, анда ар бир чыгармасындагы каармандардын ролдорун чагылдырышышты. 10-класстын окуучусу Алымбекова Жаркынгүл «Түбөлүк тур! Кылымдын залкар жазуучусу Чыңгызым» деген Жер эненин сагынычынан эскерүү монологун аткарып берди.

Роза Айтматованын сөзүндө «Мен Жийде элине ыраазымын. Сүйүнүчүм койнума батпай турат. Бул айыл мени кайра балалыкка алып келип жашартты. Мен силерге абдан ыраазымын», - деди Роза Айтматова мектеп жамаатына ыраазычылыгын билдирип.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up