Манас районунун Бала-Саруу айылындагы мектепте Ден соолук күнү белгиленди

Манас районунун Бала-Саруу айылындагы мектепте Ден соолук күнү белгиленди

Билим АКИpress - Манас районунун Бала-Саруу айылындагы орто мектебинде Ден соолук күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия бөлүмүнүн башчысы Гүлира Момунтаева билдирди.

«Негизи, биз ар бир айда окуучулар менен биргеликте Ден соолук күнүн өткөрүп турабыз. Кечээ, 17-май күнү 1-11-класстардын окуучуларынын катышуусунда спорттук иш-чара өткөрдүк. Анда башталгыч класстын окуучулары көнүгүү иштерин аткарышты. Мисалы, чуркоо, эстафета оюну. Ал эми жогорку класстардын окуучулары эстафета, кап кийүү, аркан тартыш, топ менен ойноо сыяктуу оюндарды ойношту.

Окуучуларыбыз бир гана билим албастан, ден соолуктарына да кам көрүү үчүн ай сайын бул күндү өткөрүп турушат. Ал эми кыш мезгилинде чана тээп, аяз ата, аяз кыз жасап, жалаң кар менен ойнотобуз. Бул дагы окуучулар үчүн эсте каларлык күн жана бир аз болсо да мээ сергитип калышат. Мелдеште жеңген класстарга кызыктыруучу белектер берилип турат», - деп айтып берди Гүлира Момунтаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up