Фото — К.Кулматовдун коррупцияга айыпталышына себеп болгон мектеп

Фото — К.Кулматовдун коррупцияга айыпталышына себеп болгон мектеп

Билим АКИpress - Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун коррупцияга айыпталышына себеп болгон мектеп Калыс-Ордо конушунда жайгашкан №86 мектеп болуп эсептелет. Ал 2017-жылдын 1-сентябранда салтанаттуу түрдө ачылган.

Мектептин ачылышына шаардын мэри Албек Ибраимов, БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев, вице-мэрлер, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышкан.

Мектеп 660 орундуу, 2 нөөмөт менен окутуу жүргүзүлөт. Мектептин курулушу кытайлык гранттын эсебинен 2015-жылы башталган. Ачылыш аземдин жүрүшүндө мэр А.Ибраимов Кытайдын ТВЕА компаниясына мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген эле.

Шаардык бюджеттин эсебинен аталган мектепте сырткы инженердик коммуникациялары жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер аткарылган. Мындан тышкары, мэриянын эсебинен саздак жерлерди кургатуу жана топурак төгүү иштери жүргүзүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кулматов кытайлык ТВЕА компаниясынын 2 млн АКШ доллар грантын мыйзамсыз пайдаланган деп айыптылууда. Бул каражаттар аймактарга 2 жаңы мектеп салуу үчүн бөлүнгөн.

К.Кулматов «Альто Групп» ЖЧКнын жетекчиси менен сынак өткөрбөстөн келишим тандап, аталган жеке компаниянын эсебине кытайлык ишканадан 1 млн АКШ долларын которткон. Ошондой эле Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушун бүтүрүү үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бирок Кулматов бул каражаттарды мэрия көргөн эмес деп түшүндүрдү. «Бүгүн мага Кыргыз Республикасына ТВЕА компаниясы тарабынан берилген каражаттарды максатсыз пайдаланган деген айып тагылып жатат. Кайсы максатсыздык тууралуу кеп болушу мүмүкүн? Бишкек — Кыргызстан эмеспи? Көрсө, мен Ош жана Чүй облустарына мектеп салуу үчүн багытталган бул каражаттарды Калыс-Ордого мектеп салууга багыттаптырмын», - деди ал.

«Мектептин курулушу 2003-2004-жылдары башталып, мектеп дээрлик чөгүп кеткен. Ошол учурда бир жарым миң окуучу мектепке зар болуп, дээрлик атканада окуп жүрүшкөн. Биз мүмкүнчүлүк издеп, ал мүмкүнчүлүк грант катары берилген, курулуш үчүн акча катары эмес, компания куруп берет деген грант аркылуу келген», - деп түшүндүрдү мурунку мэр.

«Мэрия бул акчаларды көргөн эмес. ТВЕА мектепти өз эсебинен курган. Кайсы келтирилген зыян тууралуу кеп болуп жатканын мен түшүнбөй жататм. Бул гранттык каражаттар болчу. Биз техникалык көзөмөл киргизип, коммуникация жүргүзгөнбүз. Мэрия ушул ишти гана кылган. Калган иштерди компания өзү жүргүзгөн», - деди Кулматов.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up