Бакыян айылынын Эшеналы уулу Сейитбек мектебиндеги музейдин 28 жылдыгы белгиленди

Бакыян айылынын Эшеналы уулу Сейитбек мектебиндеги музейдин 28 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - 18-майда Мамлекеттик музейлер күнүнө карата Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айылынын Эшеналы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинде түптөлгөн музейдин 28 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Биздин мектепте тарых мугалими түптөгөн музей бар. Бүгүнкү Мамлекеттик музейлер жана музейчилер күнү менен куттуктап, айыл өкмөт тарабынан 3 миң сом акчалай белегибизди берип кайттык. Биз жана биздин айыл бул музей менен сыймыктанып келебиз», - дейт Н.Асылбеков .

«Бүгүнкү күндө музейде 5-6-кылымга таандык экспонат сакталып турат. Бул музейди 1990-жылы негиздегем. Өзүм тарых мугалими болуп эмгектенип келем. 1986-жылы Кыргыз улуттук университеттин тарых бөлүмүн аяктагам. Бул жашоодо көркөм сөз сүйлөбөй, көркөм бир иш жасап, бул дүйнөгө из калтыр деп коёт эмеспи. Өзүм тарыхчы болгондуктан, улуу элдин, улуу журттун, ата-бабалардын кармаган тери, жыгач, таш жана башка буюмдарын чогултуп, келечек муунга жеткирүү үчүн бул ишти баштагам.

Бул музейди түптөп, буюм чогултуп, сактап калуу үчүн нечендеген жаандарда, ачка-ток жүрүп, күндүн ысык-суугуна чыдап, жолдошумдун каршы болгонуна карабай, ар бир жактан издеп, жерлерди казып таап келген учурлар болгон. Учурунда мээнет кылыпмын, азыркы учурда мектептер арасында республика боюнча 1-орунда турат. Ошондой эле 2 жолу Көчмөндөр оюнунда 35 экспонатты Таластын тынан алып барып келишкен. Бул мен үчүн сыймык. Бул музейди сыйлык үчүн эмес, сыймык үчүн түптөгөм. Бүгүнкү майрамда окуучуларга, жергиликтүү тургундарга музей көргөзмөсү уюштурулду», - дейт музейдин башкы негиздөөчүсү Байымбетова Батмажан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up