Баткендеги Ж.Бөкөнбаев мектебине ата-энелер 1 млн сомго 5 миңге жакын окуу китептерин алып беришкен

Билим АКИpress - Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин окуучулары окуу китептерин тапшыра башташты. Бүгүнкү күндө окуучулардын 70%ы китептерин тапшырышты.

Аталган мектепте жыл башында 11 миң китеп окуучуларга таратылып берилген. Ал эми мектепте жалпысынан 14 миң китеп бар.

Китепканачы Махабат Сатыбаеванын айтымында, окуучуларды китептер менен камсыздоодо ата-энелерден түзүлгөн камкорчулар тобунун салымы чоң. Анткени быйылкы жылы 1 миллион сомго жакын суммага 5 миңге жакын китептерди алып беришкен.

6-класстын окуучусу Жолболдуева Гүлзина жыл башында 10 окуу китебин алган. Анын ичинен 6 китепти ата-энелердин камкордук уюму сатып берген. Учурда кээ бир китептер жетишсиз. Мисалы, орус класстарына кыргыз тили китептери жетишпейт.

Учурда окууучуларды китеп менен камсыздоо 80%ды түзөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up