Жумгалда райондук «Акыл ордо» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Жумгалда райондук «Акыл ордо» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Кызарт айылындагы К.Мамбеталы уулу атындагы орто мектебинде үчүнчү «Акыл ордо» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу «Кызарт жаштар ынтымагы» коомунан билдиришти.

Аталган сынак «Кызарт жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул ирет Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулуп, ага жалпы райондун 15 мектебинен алдыңкы окуучулар катышты.

Сынакта 1-2-орун алгандарга планшет, диплом, китеп берилди. 3-орунга Т.Касымбеков жана А.Осмоновдун томдук китептери, диплом жана 4-орунга К.Роберттин китеби жана диплому тапшырылды. Калган катышуучуларга кызыктыруучу баалуу белектер берилди.

Иш-чаранын максаты — жаштарды билимдүүлүккө үндөө, мектеп окуучулары ортосундагы достук мамлени чыңдоо.

Жыйынтыгында 1-орунду Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин окуусусу Аяна Эмилбек кызы, 2-орунду Доскулу айылындагы М.Өмүрканова атындагы мектептин окуучусу Эрбол Эрнис уулу жана 3-орунду Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн А.Идинов атындагы орто мектебинин окуучусу Диана Садыр кызы камсыздашты. Ал эми 4-орунду Куйручук айылынын А.Сулайманов атындагы мектебинин окуучусу Туратбек Чынарбек уулу алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up