Нарындык окуучу эл аралык жаш ойлоп табуучулар сынагында 2-орунду камсыз кылды

Билим АКИpress - Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектебинин окуучусу Улук Турдаалиев «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагында «Приборлор, радиокаражаттар жана телекоммуникациялык система» номинациясы боюнча 2-орунду камсыз кылып, диплом менен сыйланды.

Улук быйыл 9-классты аяктап жатат. Өзүнүн ойлоп табуучулук жөндөмү менен көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келет.

Аталган сынак Ош шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Казакстан өлкөлөрүнүн 330дан ашуун жаш ойлоп табуучулары катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up