Кош-Дөбөдөгү мектептин окуучулары сынакта өз чыгармачылыгы менен ар кандай буюмдарды жасап, сүрөт тартышты (фото)

Кош-Дөбөдөгү мектептин окуучулары сынакта өз чыгармачылыгы менен ар кандай буюмдарды жасап, сүрөт тартышты (фото)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 19-майда Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Сынакта мектеп окуучулары өз чыгармачылыгы менен жасап келген буюмдарын коюп, жактап беришти. Кыздарга кол өнөрчүлүк, балдарга сүрөт тартуу, устачылык боюнча тапшырмалар берилген. Жыйынтыгында эң мыкты жасалган буюмдар белгиленип, окуучулар кызыктыруучу сыйлыктар жана грамота менен сыйланышты.

Катышуучулардын ичинен Жолдошбек кызы Жаркынай эң мыкты карапа жана эң мыкты флора менен айырмаланып турду. Ошондой эле Жайлообай кызы Нуркыз, Сарыпбеков Аманат, Муктарбек уулу Сыргабек жана Эшбаев Азиз жасаган буюмдары менен айырмаланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up