Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында «Музейлер түнү» акциясы уюштурулду

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында «Музейлер түнү» акциясы уюштурулду

Билим АКИpress - 20-майда Эл аралык музейлер жана музей кызматкерлеринин күнүнө карата Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жайгашкан музейде «Музейлер түнү» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу музейдин директору Ашымбек Сагынбекович билдирди.

Иш-чара мектеп, бала бакча, жаштар борборлорунун кызматкерлери, окуучулар жана мугалимдердин катышуусунда өттү. Алар Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарып беришти. Ошондой эле кыргыздын үрп-адаттарын, кийиз жасоо, баланы бешикке салуу жөрөлгөлөрүн көрсөтүп, андан соң келген конокторго концерт тартуулашты. Келген коноктор менен катышуучулар музейди кыдырып, экспонаттарды көрүп кайтышты.

«Бул музей 1958-жылы түптөлгөн. Учурда 7-8-кылымдарга таандык жалпы 1 миң 663 экспонат сакталуу», - дейт музей жетекчиси Ашымбек Сагынбекович.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up