Бакай-Ата районундагы мектепте энелерге концерт тартууланып, наамдар ыйгарылды (фото)

Бакай-Ата районундагы мектепте энелерге концерт тартууланып, наамдар ыйгарылды (фото)

Билим АКИpress - Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы С.Көчөрбаев орто мектебинин окуучулары Энелер күнүнө карата энелерге эстен кеткис кече уюштуруп беришти. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Өмүралиева Сиядат билдирди.

«Энелер күнүн жылда өткөрүп жүрөбүз. Бирок ушул жылы өзгөчөлүк киргизели, энелерге чакан, эстен кеткис кече уюштуруп берели деп окуучулар өздөрү бизге сунуштап чыкты. Алардын сунушун четке кага алган жокмун. Окуучулар ар кандай ыр-бий, күлкүлүү сценкаларды аткарышты. Энелердин маанайы абдан сонун болуп отурат. Мындан тышкары, энелерге «Боорукер эне», «Үлгүлүү эне», «Камкор эне», «Шайыр эне», «Уз эне» деген наамдар ыйгарылды», - деди С.Өмүралиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up