Баткендеги Ж.Бөкөнбаев мектебинде 9-классты 60 окуучу, 11-классты 59 окуучу аяктап жатат

Баткендеги Ж.Бөкөнбаев мектебинде 9-классты 60 окуучу, 11-классты 59 окуучу аяктап жатат

Билим АКИpress - Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде быйыл 9-классты 60 окуучу, 11-классты 59 окуучу аяктап жатат. Жалпы республикалык тестирлөөгө 11-класстын 55 бүтүрүүчүсү катышты. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Гүлзат Асан кызы билдирди.

Анын айтымында, былты мектепти 67 окуучу бүтүрүп, алардын баары жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. 110дон жогорку упайларды 27 окуучу, ал эми 18 окуучу 100дөн жогорку упайларды алышкан. Эң жогорку 180 упайга Каныбек кызы Нуриса ээ болуп, борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине кабыл алынган. Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде аталган мектептин окуучуларынын 62%ы жогорку окуу жайларына өтүшкөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up