Кызыл-Кыядагы интернатта жетим балдар тарбияланчу эмес, - Билим берүү министрлиги

Кызыл-Кыядагы интернатта жетим балдар тарбияланчу эмес, - Билим берүү министрлиги

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 22-майда Кызыл-Кыядагы мектеп-интернатынын айланасында болуп жаткан кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомстводон билдиришкендей, Кызыл-Кыя мектеп-интернатын жалпы билим берүүчү мектеп кылып кайра уюштуруу тууралуу сунуш балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, билим берүү органдарынын өкүлдөрүнүн, мектеп-инетернаттын администрациясынын облустук жыйналышында кабыл алынган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фонду жана «Калктын аялуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору» коомдук фондунун жетекчилери Назгүл Турдубекова менен Зейнеп Эшмуратованын катышуусундагы ведомство аралык комиссия аныкатаган укук бузуулар негиз болгон.

Комиссия Кызыл-Кыя мектеп-интернатын өнүктүрүү үчүн укуктук негиздин жоктугун аныктаган. Текшерүү учурунда мекемеде 221 бала болгон. Баткен облусунун аймак башчысынын маалыматы боюнча, тарбиялануучулардын атасы менен апасы экөө тең же алардын бирөөсү бар. КРнын Балдар жөнүндө Кодексине ылайык, интернат типтүү мекемелерде ата-энеси жок же ата-энелик укуктан ажыратылгандардын балдарын гана кармоого мүмкүн.

Азыркы учурда мыйзам бузуулар үчүн, 163 баланы мыйзамсыз түрдө батырганы жана талап кылынган стандарттарга балдардын жашоо-шарттары туура келбегендиги үчүн директор кызматынан четтетилди.

Мыйзамга ылайык, балдар үй-бүлөлөрүнө кайтарылат. Жалгыз жетим тарбиялануучу өгөй үй-бүлөгө бөлүнгөнүн Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Мектеп-интернаттын базасында жалпы билим берүүчү мектеп жана оор жашоо кырдаалда калган балдар үчүн Реабилитациялык борбор ачылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up