Алайдагы Ш.Сатиев мектебинин 1998-жылдагы бүтүрүүчүлөрү мектепке интерактивдүү доска белек кылышты

Билим АКИpress - Ош облусунyн Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүндөгү Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин 1997-1998-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү (1981-жылкылар) жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, мекенине кызмат кылган чыгаан уул-кыздардын өсүп чыгышына көмөк көрсөтүү максатында мектепке интерактивдүү доска белек кылышты.

Аларга мектеп жамааты ыраазычылыктарын билдирип, ак баталарын беришти. Ал эми окуучулар ишеничти актоого аракет кылышарын айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up