27 жаштагы Нургүл Тайыр кызы 4 китептин автору, 4 баланын апасы: Бүгүн «Жаш мугалим» сынагын жеңип чыкты (фото)

Билим АКИpress - Бүгүн, 23-майда Ош шаарында «Жаш мугалим 2018» сынагынын финалы өтүп, мыкты мугалимдер жана сыйлыктардын ээлери аныкталды. Сынакка күбө болгон Turmush басылмасынын кабарчысынын айтымында, финалдык бөлүккө 70 мугалимдин ичинен 7 мугалим жолдомо алган болчу.

Жыйынтыгында жеңүүчү деп №27 мектептин кыргыз тилчи мугалими Нургүл Тайыр кызы аталып, атайын кубокко жана 30 миң сомго ээ болду.

Финалдык беттеште катышуучулар саламдашуу, логикалык суроолор, чукул суроолорго жооп берип, андан соң «Өнөр кесип тандабайт» деген тапшырманын алкагында мугалимдиктен сырткары актерлук, ырчылык, кол өнөрчүлүк, гипноздук өнөрлөрүн тартуулашты.

Ал эми 1-орунду №52 мектептин кыргыз тилчи мугалими Илгиз Шамырзаев ээлеп, 25 миң сомго ээ болду.

27 жаштагы Нургүл Тайыр кызы «Орошон ойлор», «Мектеп жана Айтматов», «Айтматовсуз аткан таңдар», «Беш сандык» аталышындагы китептердин автору болууга жетишкен. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жашаган мыкты мугалим 3 уул, 1 кыздын апасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up