Аксылык мугалим «Жыл мугалими - 2018» облустук сынагында «Мыкты педагогикалык чеберчилик» наамына ээ болду

Аксылык мугалим «Жыл мугалими - 2018» облустук сынагында «Мыкты педагогикалык чеберчилик» наамына ээ болду

Билим АКИpress - Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айгүл Жоробаева Жалал-Абад шаарында өткөн «Жыл мугалими - 2018» облустук сынагына катышып келди. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Сынакта облус боюнча 13 мугалим күч сынашты. Алар педагогикалык эссе жазып, тесттик суроолорго жооп беришти, долбоор жактап, көргөзмөлүү сабак өтүштү. Жыйынтыгында Токтогул районунан келген мугалим 1-орунду ээледи.

А.Жоробаева «Мыкты педагогикалык чеберчилик» номинациясына ээ болуп, Ардак граммота менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up