Американын 2 университетинен билим алып, 4 тилде эркин сүйлөгөн Калысбектин ийгиликтери (фото)

Американын 2 университетинен билим алып, 4 тилде эркин сүйлөгөн Калысбектин ийгиликтери (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — лейлектик Калысбек Исаев. Ал жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алып, Кыргызстандын 2 жогорку окуу жайына акысыз негизде окууга өтүп кеткен. Ошондой эле ал Америкадагы университеттерге жеңилдик менен өтүп, учурда Хьюстондогу North American университетинде 3-курсту аяктап жатат.

«Мен Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө эң кенжесимин, өзүмдөн улуу байкем бар. Атам менен апам — дүйнөдөгү эң кымбат, ыйык жана сүйгөн адамдарым. Экөө тең өкмөттө иштеп, көп жылдардан бери талыкпай, Кыргызстанга салым кошуп келе жатышат. Мен кичинекейимден бери окууга кызыгам, китепке жакын болбосом дагы, үйрөнгөн илимге баа берип, ал билимди сиңирип жана билимимди арттырганга умтулам. Мен ойлойм, бала ата-энесин көрүп өсөт, ата-энесинен тарбия алат, ошондуктан ар дайым ата-энемди үлгү кылып, чоңойгонумда ата-энемдей мыкты кызматкер, чынчыл, жумушуна жоопкерчиликтүү, жумуштан талыкпаган ата-эне болом деген ойлор менен чоңойдум. Менин билимимдеги жетишкендиктеримдин себеби алтын ата-энем болду деп эсептейм.

Мен 1-класстан 5-класска чейин Исфана шаарындагы Гагарин атындагы орто мектебинде билим алдым, андан соң 5-классатан 7-класска чейин №1 гимназия мектебинде окудум. 7-класста женилдик менен Кадамжай шаарындагы «Семетей» лицейине өттүм. Ал жерде жогорку окуу жайына чейинки эң маанилүү 5 жылымды өткөрдүм. Билимдин эң жогорку деңгээлини алып, көптөгөн жетишкендиктерге жетиштим. Англис тилин жакшы өздөштүргөнүмө байланыштуу Астана шаарында өткөн олимпидага катыштым. Жаштар арасындагы долбоор олимпиадаларына катышып, Грузияда коло медаль жана Кенияда алтын медалга ээ болдум.

Бүтүрүүчү катары окуучунун чечим кабыл алуусу өтө маанилүү. Мен так илимге жакын болгондуктан, так илимдер менен болгон кесип тандоону чечтим. Акырында эң бат өнүгүп келе жаткан «компьютердик инженерия» кесибин тандадым. Балалык максатым Америкага барып, билим алуу болчу. Ошондуктан Американын кабыл алуу сынактарына 10-классымдан даярдана баштадым. «SAT» сынагын бир нече жолу тапшырып, акырында керектүү упайды алып, Техастагы North American университетине 2015-жылынын август айында жеңилдик менен кабыл алынгам.

Азыркы учурда Хьюстондогу North American университетинде 3-жылымды бүтүрүп жатам. Башка мамлекттерден окуу сунуштарын алганым менен, менин максатым Америка болгондуктан, аталган университетте билим алууга ниет кылдым. Виза алуудан көп кыйынчылыктар болгон жок. Америкада 2 жыл окуп, Кыргызстанга жайкы эс алууда келип, экинчи жолу визаны оңойчулук менен алдым. Маектешүүдө окуудагы жетишкендиктерим аябай жакшы болгонун айтышкан, себеби Америкадагы эң жогорку баа «4.0» болсо менин орточо баам «3.8» болчу. Ошондуктан Америкага билим алганы барып, окуудагы жетишкендиктер жакшы болсо, визаны кайра алууга оңой деп эсептейм.

Чет элдик сынактарга даярданып жүрүп, ЖРТ сынагына көп көңүл бура албай калдым. Бирок ошондой болгону менен ЖРТдан аябай жогору упай алгам, себеби И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ИСОП бөлүмүнүн Энергетика факультетине биринчи болуп бюджеттик түрдө, ошондой эле Кыргыз-Орус славян университетинин курулуш инженерия факультетине да бюджеттик түрдө кабыл алынгам. ЖРТдан жакшы упай алуунун себеби мен окуган «Семетей» лицейинин билим берүүсү болду деп эсептейм. Ар жуманын аягында атайын ЖРТга даярдык курстар болуп турчу. Агай-эжейлерибиз менен тыгыз байланышта болуп, алар түшүнбөй калган суроолорубуга ар дайым жардам берүүгө даяр эле. Ай сайын тиешелүү предметтик мугалимдер ЖРТ суроолорун даярдашып, бизге тестирлөө өткөрүп турушчу. Ушулардын баары аябай жардам берди деп ойлойм, себеби мен бүтүргөн жылы эң төмөн упай 115 болуп, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн орточо упайы 165 болгон.

Америка университеттерин бүтүргөндөн кийин жумуш табуу жана тажрыйба алуу жагынан көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Менин Америкадагы окуум октябрь айында башталгандыгы үчүн Кыргызстандын билим берүүсүн көрүп кетейин деген ой болуп И.Раззаков атындагы университетинде 2 ай окугам. Америка менен Кыргызстандагы билим берүү системасы, профессорлор менен студенттер арасындагы мамилеси, китеп жана технология боюнча аябай чоң айырмачылыктары бар экен. Америкада профессорлор ар дайым студенттер менен аралашып, студденттерге жакын мамиледе болушат, ар тараптан жардам көрсөтүшөт, канчалык чоң жетишкендиктери бар болгон илимпоздугуна карабай, студенттер менен аябай жөнөкөй мамиледе болушат. Ошондуктан бир суроо пайда болсо, аны проффесордон суроонун эч кыйынчылыгы жок. Политехте окуп жүргөн убагымда билим алуу системасы оор болгонун байкадым, бир документти толтуруу үчүн канчалаган бөлүмдөргө кирип чыгуу зарыл, бир кагазды толтуруу 2-3 күнгө созулуп кетет экен. Профессорлор студенттер менен аябай катуу мамиледе болушат.

Америкада жашоо абдан сонун, баары өз алдынча жумуш кылышат. Хьюстондо окуп жүргөн кыргыз студенттер көп, майрамдарда ар дайым студенттер, чоң байкелер жана эжелер баарыбыз бир жерде топтолушуп, бирге майрамдайбыз. Бизден улуу кыргыз байкелер ар дайым жол көрсөтүшүп, жардам берип турушат. Студенттер менен бирге пикниктерге барабыз, жума ичинде футбол ойноп турабыз. Ар кайсы мамлекеттен досторум бар, көбүнчө англис тилинде сүйлөшөбүз, бир гана кыргыз студенттер арасында кыргызча жана орусча сүйлөшөбүз. Көп тилди билип, кээ бирде бир тилге көп көңүл буруп, башка тилди унутуп кетип бараткандай сезилет, ошондуктан бардык билген тилдеримде сүйлөшүп турганга аракет кылам. Толугу менен кыргызча, орусча, англисче жана түркчө билем. Алдыда испан тилин үйрөнөйүн деген максаттарым бар. Америкада көп тил билгендерди аябай баалашат, ошондуктан көп тил үйрөнүүгө ар дайым умтулам. Буйруса, окуу жайымды бүтүрүп, Кыргызстанга салымымды кошом деген үмүттөрүм бар.

Менин кесибим компьютер жаатында болгондуктан, көбүнчө технологиялык өнүүгүүлөр жөнүндө ойлонуп, программалоо жаатында идеяларым бар. Бирок, азырынча мен үчүн алдыда турган эң биринчи максатым — окуу жайымды бүтүрүп, ата-энемди бактылуу кылуу. Алыста жүрүп ата-эненин кадырын билет экенсиң, ошондуктан ар дайым кантип ата-энемди кубантсам деген ойлор келет. Ушундай жетишкендиктерге жеткеним үчүн ата-энеме жана билимдин эң жогорку деңгээлин алган лицейиме ыраазычылыгымды билдирем. Ата-энем ар дайым мага ишенип, колдоп, мага мотивация берип турушат. Ата-эненин ишеничи ар дайым күч-кубат берип турат экен. Лицейден алган билим аябай сапаттуу болгону үчүн азыркыга чейин жардамы тиет. Айрыкча, так илимдер боюнча эч кандай кыйынчылыктарды көргөн жокмун. Лицейимдин агайлары биз менен тыгыз байланышта болуп, ар дайым ал-акыбалыбызды сурап, жаныбызда болууга аракет кылышат. Лицей жетекчилиги менен жазышып, жаңылыктардан сурап, тыгыз байланыштабыз.

Бардык окуучуларга алдыда турган сынактарда, жогорку окуу жайын тандоодо ийгилик каалайм. Ал эми ата-энелер балдарга болгон ишеничиңиздер түгөнбөсүн, ар дайым колдоп туруңуздар, себеби баланын келечеги үчүн эң маанилүү адам — ата-эне», - деп айтып берди Калысбек.

Жазган: АБДУЛЛА ДОСМАТОВ.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up