Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинде жылдын мыктылары сыйланды

Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинде жылдын мыктылары сыйланды

Билим АКИpress - Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде «Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм — мекенге кошкон үлүшүм» аталышындагы жылдын мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

2017-2018-окуу жылы ичинде окууга, коомдук иштерге, спорттук мелдештерге, предметтик олимпиадаларга активдүү катышып, өзгөчөлөнгөн 340 окуучу мектептин мактоо баракчалары менен сыйланышты.

Мектепте жалпы 1 миң 218 окуучу билим алат, окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up