Кемин району боюнча жалпы 917 окуучу башталгыч классты аяктап жатат (фото, фидео)

Билим АКИpress - Кемин районуна караштуу А.Токомбаев атындагы Кайыңды орто мектебинде «Кош бол, башталгыч класс!» аттуу ачык класстык тарбиялык саат өткөрүлдү.

Мындай ачык сабактар менен бүтүрүү кечелери Кемин районундагы бардык 29 мектепте өткөрүлүп бүттү. Анда окуучулар көркөм окуу, ыр-бий, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышып, көркөм окуп, оюндарды көрсөтүп, кызыктуу концерттик программаларды тартуулашты.

Быйылкы 2018-жылы Кемин району боюнча жалпы 917 окуучу башталгыч классты аяктап жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up