Кадамжай районунда 1 миң 971 бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды

Кадамжай районунда 1 миң 971 бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды

Билим АКИpress - Кадамжай районунда 25-май күнү Акыркы коӊгуроо салтанаттуу линейкасы саат 9:00дө башталып, Кыргыз Республикаысынын Гимни жаңырды. Район боюнча жалпы 1 миң 971 бүтүрүүчү мектепти аяктап, 2 миң 795 окуучу 9- классты бүтүрүштү.

Райондогу мектептердин салтанаттуу иш-чараларына областтык, райондук өкүлдөр, шаардык мэр, айылдык кенештин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү, ата-энелер, райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу линейканын биринчи бөлүгүндө коноктор тарабынан каалоо-тилектер айтылып, аймактык, райондук, областтык, республикалык деӊгээлдеги иш-чараларга катышып жүргөн, чыгармачылык менен эмгектенип келе жаткан мугалимдерге тиешелүү медалдар, Ардак грамоталар, окуучуларга стипендиялар тапшырылды.

Ошондой эле салтанатка райондун аймактарынан бүтүп кеткен 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр да катышты. Масалиев айыл аймыгына караштуу А.Орозбеков атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү биринчи мугалимине Кызыл-Кыя шаарынан батирдин ачкычын тапшырышты.

Башка мектептердин бүтүрүүчүлөрү да дарбаза, арка, түркүк, жарык берүүчү лампаларды орнотушуп, мектептерге видеокөзөмөл, 100 миң сомдук «Акылдуу доска» жана баалуу белектерин беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up