Акыркы коңгуроо: Кара-Суудагы лөлү тектүү окуучулар 9-класска чейин гана билим алышат (фото, видео)

Акыркы коңгуроо: Кара-Суудагы лөлү тектүү окуучулар 9-класска чейин гана билим алышат (фото, видео)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү лөлү тектүүлөрдүн М.Турсунзада атындагы мектебинде 88 окуучу башталгыч классты аяктады. Бүгүн, 25-май күнү мектеп жамааты Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүп, башталгач класстарды 5-класска узатышты.

«Кош бол, башталгыч класс!» аттуу салтанаттын жүрүшүндө 4-класстын окуучулары мугалимдерине арнап ыр ырдап, «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Иш-чарага айыл өкмөттөн өкүлдөр келип, башталгыч класстын мугалимдерине Ардак грамоталарды тапшырды. Ал эми мектеп директору Ишен Алтынбек уулу алдыңкы окуучуларга Ардак грамота тапшырып, окууларына ийгилик каалады.

Аталган мектептин окуучулары 7-класстан тартып, ВЛКСМ өзбек тилдүү мектепте окууну улантышат. Лөлү тектүү окуучулар 9-класска чейин гана окуп, андан кийин барбай коюшат. Мындан улам, бүгүн ВЛКСМ орто мектебинде 31 лөлү тектүү окуучу бүтүрүү кечесин өткөрүштү.

Бүтүрүүчү окуучулардын бири Нафиза Орнизаева окууну аяктагандан кийин мугалим болуп, өз айылындагы мектепте окуучуларга билим берүүнү каалайт.
«Мен быйыл 9-классты аяктадым. ВЛКСМ мектебинде билим берүү аябай жакшы. Бизде 31 окуучу быйыл окууну бүтүп жатабыз. 11-класска чейин билим алалы десек, классташтырыбыздын көбү окубайт экен. Мындан улам, мен да колледждерге тапшырып, кыргыз тили мугалими же информатика жаатында билимимди улантайын деп жатам», - деди Э.Раимжанова.

Ал эми Элсевар Раимжанова даамдуу тамактарды жасаганды жактырат. Ошондуктан ал быйыл кесиптик лицейлерге барып, ашпозчулук жаатында билим алууну көздөйт.
«Мага түрдүү даамдарды жасаган абдан жагат. Азыр мен өз алдымча шириндиктерди жасай албайм. Быйыл окууну бүтүп, ашпозчулукка окуйм деген ниетим бар», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up