Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж (фото)

Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж (фото)

Билим АКИpress - Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун эскирген имараты капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Студенттер сынык отургуч-парталарда окуп, сыз жыттанган кааналарда билим алууда. Бул тууралуу студенттер менен мугалимдер жамааты айтып чыгышты.

Алардын айтымдарында, институттун 32 млн сомдук бюджети бар. Бирок жыл сайын оңдоп-түзөөлөргө, канцеляриялык буюмдарга акча бөлүнбөйт.

«Биз бул окуу жайга келгенден тарта эле абал ушундай. Эски парта-отургучтар. Полдору да сынган, сырттары көчүп кеткен. Эшиктери да араң эле турат. Ошентсе да, аргасыздан билим алып жатабыз. Практикалык сабактарда да керектүү шаймандар жок кыйналабыз», - дейт Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенти Эржан Тойчубеков.

«32 млн сомдук бюджетибиз бар. Бирок ал акчадан оңдоп-түзөө иштерине, канцелярия буюмдарына бөлүнбөйт. Студенттер сынактарга катышса, өз каражаттары менен барышат. Акча жок. Мугалимдерде да ошол. Жыл аяктаганда бюджет кайда сарпталганы боюнча ректордон отчет жок. Башкача айтканда, акча өндүрүү үчүн эле болуп калды да. Контрактты убагында алышат. Абалыбыз менен иши жок. Колго жасап койгон отургуч-парталар да бар. Өгөй бала болуп калдык. Студенттер да эртең кетип калат башка окуу жайларга», - дейт Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалими Абдимиталип Тешебаев.

Окуу жайдын имараты үчүн 100 миңден ашуун акча төлөшөт. Анткени имарат мэриянын карамагында турат.

«Бул кеңсе союз учурунда чабандардын балдары билим алган интернат болгон. Кийин институтту ижарага бергенбиз. Анда келишим боюнча оңдоп-түзөө иштерин өздөрү жасамай болушкан», - дейт Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Адылжан Гапаров.

«2016-жылдан тарта 8 кафедра экиге кыскарып, төртөө болуп калды. Бириктирип салышты. Педагогика менен дене тарбия — бир кафедра. Ушул кантип болсун? Биздин жетекчилер эмнени ойлоп жатышат билбейбиз. Шартыбызга болсо ит ыйлайт. БатМУнун 40%ын биздин студенттер түзөт. 100дөн ашык мугалими бар», - дейт Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалими Ислам Жороев.

Баткен мамлекеттик университетинде жалпы 5 миң студент билим алса, анын 2 миңи Кызыл-Кыя педагогикалык институтунда, калганы Баткен жана Лейлек филиалдарында. Жалпы бюджет 100 миңге чамалайт. Учурда университет өз каражатына Баткен шаарына жаңы корпус салып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up