Ат-Башыдагы мектепте 12 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө, 1 окуучу «Алтын тамга» аттестатына талапкер

Ат-Башыдагы мектепте 12 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө, 1 окуучу «Алтын тамга» аттестатына талапкер

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде Акыркы коңгуроо салтанаты өтүп, ага район акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева, окуучулар ата-энелер, мектептин эмгек жамааты, меймандар катышты.

Салтанатта чыгып сүйлөгөндөр бүтүрүүчулөргө ак жол каалашты. Мектеп директору Төрөбек Иманбердиев өткөн окуу жылындагы аткарылган иштер, ийгиликтер жөнүндө маалымат берди. Быйыл мектепте 11-классты 93 окуучу, 9-классты 130 окуучу аяктоодо. Анын ичинен 12 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө, 1 окуучу «Алтын тамга» аттестатына талапкер.

Мектеп жаңы инновациялык талаптар менен сабак өтүп, мамлекеттик стандарттын негизинде окуу процессин жүргүзөт. Облустук олимпиадада 3 окуучу 2-орунду, 3 окуучу 3-орунду камсыз кылган. Ошондой эле облустук, республикалык кароо-сынактарда алдыңкы орундарга ээ болушкан.
Иш-чаранын алкагында алдыңкы окуучуларга жана окуу-тарбиялык ишинде ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге Алкоо баракчалары жана диплом, грамоталар тапшырылды. Майрамдык салтанат окуучулардын чакан программадагы концерти менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up