Малайзия менен Германиядан билим алган Залкар: Өлкөбүздү таанытуу боюнча сынакта 22 өлкөнүн арасынан 1-орунду алганбыз (фото)

Малайзия менен Германиядан билим алган Залкар: Өлкөбүздү таанытуу боюнча сынакта 22 өлкөнүн арасынан 1-орунду алганбыз (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — оштук Залкар Акылбек уулу. Ал Малайзиядан акысыз билим алып, учурда Германияда практика өтөп жаткан кези.

«Мен 1995-жылы 5-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Коммунизм айыланда туулгам. 2012-жылы Кара-Суу районунда жайгашкан №61 Кычан Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназия-интернатын бүтүрдүм. Мектеп убагында 3 жыл катары менен тарых сабагынан райондук, облустук, республикалык олимпиадага катышып, байгелүү орун алууга жетиштим.

Мектепте 1 жыл президент болуп иш алып бардым. Окууну бүткөндө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Ош шаарында жайгашкан 3 университетке бюджеттик негизде окууга өттүм. Бишкектен жалгыз гана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кабыл алуучу тестин тапшырып, Түркология бөлүмүнө өтүп кеттим. Университетте окуп баштагандан кийин кесипке болгон оюм өзгөрүп, туризм жана саякат бөлүмүнө которулуп кеттим. Кесипти тандап калышымдын себеби чет тилдерине болгон кызыгуу, туристтер менен иштешүү, алардын маданиятын таануу, жер таануу болду.

Өлкөбүздүн экономикасына туризм тармагы аркылуу салым кошсом дейм. Туризмди өнүктүрүү менен жолдорубуз, коомдук тамактануучу жайлардын сапаты, туристтик дестинацияда жашаган жергиликтүү калктын турмушу, адамдардын аң-сезими өсүп жана да жумушсуздарды иш менен камсыз кыла аласың. Туризм тармагына өлкөбүздүн кооз жаратылышы, көчмөн маданиятына чет элдик туристтердин кызуугуусу күндөн-күнгө артып жатканы менен, тилекке каршы, жасалчу иштер толтура бойдон калууда. Өлкөбүздүн жүзү — гиддер, себеби эң алгачкы келген турист ал аркылуу мекенди тааныйт, андыктан бизде чоң жоопкерчилик жатат деп ойлойм.

Кесибиме байлыныштуу 1-курста Түндүк Кипр мамлекетинде 3 ай жайкы практикамды өтүп келгем. Абасы нымдуу, туризм өнүгүүсү үчүн баардык шарттары түзүлгөн, тарыхый-архитектурага бай, түрк жана англис тилинде сүйлөгөн кичинекей мамлекет болчу. 3 айдын ичинде эле бардык шаарларын саякат кылып чыкканбыз. Ошол убакта Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, эми чет өлкөгө чыксам окуу менен чыгам деп ниет кылдым эле. Кийин бир жайында иштеп келүү үчүн бир канча программаларга тапшырдым, бирок өткөн эмесмин.

Буйрук экен, 2017-жылы өмүрү барам деп ойлоп көрбөгөн Малайзия мамлекетине сынактан өтүп, окуу менен баруу насип болуптур. «TALC CAMP» — Малайзия менен Түркиянын ортосундагы биргелешип ишке ашырган программалардын бири. 2017-жылы «TALC CAMP» программасына катышууну каалаган дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 15 миңден ашык студент катышуу тууралуу билдирме жолдогон. Алардын ичинен талаптарга жооп берген 422 студент гана тандалып алынган. Ал эми Кыргызстандан жалпы 11 студент кабыл алынса, жетөө «Манастын» студенттери болгонбуз.

Программага катталуу жаз мезгилинин май айында башталып, www.dilbursu.com сайтында жүргүзүлөт. Студенттер 3 баскыч менен кабыл алынган. 1-баскыч — анкета толтуруу, 2-баскыч — анкетанын жыйынтыгында биринчи турдан өткөн студенттерге англис тилинен тест тапшыруу үчүн сынак, ал эми 3-баскыч — маектешүү. «TALC CAMP» программасына өтүүдөгү башкы талап — жок эле дегенде, англис тилин орто деңгээлде билүү. Ар түрдүү коомдук иштердеги активист жаштарга, өзгөчө, ыктыярчы болуп жүргөн студенттерге артыкчылык берилет. Жыйынтыгы маектешүүдөн кийин чыгарылып, кабыл алынгандарга чакыруу жөнөтүлөт. Негизги артыкчылыгы, англис тилин өнүктүрөм дегендер үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк.

«TALC CAMP» 2 ай жүргүзүлүп, «Al-Bukhary International» университетинде өткөрүлдү. Тил үйрөтүүдөн башка лидерлик, финансылык сабаттуулук семинар жана Малайзиянын бир канча шаарларына саякаттар, фото, маданият таанытуу, спорт мелдештери уюштурулду. Программага кабыл алынган студенттердин жатаканасы, тамак-ашы жана учак билетинин жол киреси толугу менен уюштуруучулар тарабынан каржыланат», - деди ал.

Англис тилин жогорку деңгээлде үйрөнүүнү кыялданган каарманыбыз Малайзияда катышуучулар менен бир гана англис тилинде сүйлөшүп, көбүрөөк практика кылууну максат койгон. Бирок тагдырдын тамашасы менен жатаканада түркиялык студенттер менен бир бөлмөдө жашап калат. Ага карабай, түркиялык туугандарга түрк тилин билбегендей, англисче сүйлөшүп бир жума жүрөт.

«Малайзияга келгендеги эң чоң максаттарымдын бири — англис тилимди өнүктүрүү болгон, ошондуктан түркиялык досторум менен да англис тилинде сүйлөшүүнү туура көргөм. Бул аларга да, мага да пайдалуу эле. Биз бөлмөдө, саякатка чыкканда, дээрлик бардык жерде англис тилинде гана сүйлөшүп жаттык. Түрк досторумдун арасында англис тилин жакшы билбегендери да бар эле. Ойлорун кыйынчылык менен түшүндүрүп беришчү, канчалык күлкүм келип, түркчө сүйлөп жиберейин деп турсам да чыдап жүрдүм. Бир жумадан соң, башка кыргыз студенттер менен жакындан таанышып калгандан кийин, менин түркчө билеримди билип калышып, түрк досторум мени ортого салышкан. Ал күнү бөлмөбүздө чоң ызы-чуу чыккан эле. Бул окуяны качан эстеген сайын бир топко чейин күлүп алам», - деп эскерет Залкар (күлүп).

«Малайзиялыктар кичипейилдиги, ар дайым күлүп турган жүздөрү, минимализмге умтулгандыгы жана ислам дининин бардык шарттарын аткарган эл катары эсимде калды. Үлгү алчу көп жактары бар экен. Малайзияда өткөргөн 2 айдын аралыгында Пинанг, Лангкави аралына жана Куала-Лумпур шаарына саякат жасап кайттык. Кыргызстандык студенттер «Өз өлкөсүнүн маданиятын таанытуу» сынагында «Кара жорго» бийин бийлешип, кыргыз бийлерин аткарып, оболото обон созуп 1-орунга ээ болдук. Сыйлык тапшыруу аземинде 22 мамлекеттин өкүлү келген 422 студенттердин арасында «Kyrgyzstan» деп, 1-орун алганыбызды айтканда, 11 кыргыз сүйүнгөнүбүздөн, «асманга учуп кетейин деп токтоп калганбыз».

Чет өлкөгө чыкканда жоопкерчилигиң артып, мекенге болгон сүйүүң күчөйт. Ар бир кадамыңды мурункудан дагы көбүрөөк ойлонуп жасап каласың. Кыргыздар дегенде эң мыкты эскерүүлөр болсун деген тилек менен өзүбүздү ар тараптан мыкты көрсөтүүгө аракет кылдык. Жыйынтыгы да жаман болгон жок. Көпчүлүк студенттер биздин маданиятты таанууга кызыгып, ал гана эмес айрымдары Кыргызстанга саякат кылууну да пландап жатышат. Тилеке каршы бул жылы программа жабылып, башка ачылган программа боюнча кенен маалыматты http://mentalik.com/ сайтынан ала аласыздар.

Менин оюмча, билим алуучу бала үчүн толук түрдө шарт түзүп берсек, жакшы жыйынтыгын берет. Мисалы, Малайзияда 18 жашга жете элек өспүрүмдөрдү жумушка алышпайт, себеби мыйзамында көрсөтүлгөн. Эгер жашыруун иштеп жүргөнүн билип калса, түз эле түрмөгө отургузат. Малайлар болсо мыйзамга баш ийген калк, качандыр бир кезде келечек адистердин билим алуусу үчүн толук түрдө шарт түзүп бергендигинен бүгүнкү күндө өнүгүп жаткандыр.

Германия мамлекети кайра иштетүү, инновациялык технологияларды колдонуу боюнча бир топ алдыда болгонуна карабастан, билим гана адамды бийик кыларына ишенишет, келечек муун үчүн кичинекейинен инвестиция жасашат. Байкай алганым, балдарга кичинекейинен китеп менен дос болууга аракет кылат экен. Колунан жетелеп, жумасына 1 жолу китепканага алып барып, ага китеп тандап берип, болбоду дегенде 30 мүнөт китепканада убактысын өткөрүшөт. Бул иш аптанын белгилүү бир күнүндө кайталанып адатка айланат. «Үйрөнгөн адат өлгөндө калат» демекчи, билим алууга болгон умтулуу дайыма уланып турат. Жалпылап айтканда, 2 мамлекетте да баланын «фундаментин» бекем куруу үчүн көңүл бурганында, биз да алардын жакшы жагын алсак эмне үчүн болбосун?

Бизде көбүнчө окуу матералдары менен гана чектелип калганбыз. Окуучубу, студентпи өзү изденип окуп, анализдөөсү үчүн аракет жасалышы керек жана да кошумча окуу тилине алгачкы класстан баштап англис тилин киргизсек, жыйынтыгы жакшы болот. Себеби өлкөбүздүн ичинде гана адис болуп чектелип калбай, эл аралык деңгээлде кызматташчу адис болуп чыксак эмнеге болбосун? Секунда сайын илим өнүгүп жатканда заман менен жарышып, билим алуу жана колдонуу күндүн талабы болуп жатпайбы.

Университет мен үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты, өзүндөгү потенциалды сезе албаган, коом менен иши жок бала акыркы 5 жылда активдүү жашоо образын жашады.
Алгач эле университти кадам таштагандан баштап староста, факультет башчысы, клуб төрагасы, КТМУ Студенттик Кеңештин төрагасы кызматтарын аркаладым. Өзгөрүүмө таасирин тийгизген 2 нерсени баса белгилеп кетким келет: китеп жана чөйрө.

Өзүм эң алгач жаңы ачылган «Инсандык Өнүгүү» клубунда координатор, 2015-2016-жылы студенттик «Туризм» клубунда жетекчи, 2016-2017-жылы КТМУ Студенттик Кеңешинин төрагасы кызматын аркаладым. Күн сайын жолугушуу, чакыруулар, иш-чара, сабак учурунда телефон чалуулар, түнкү 11-12ге чейинки өткөргөн Студенттик Кеңештин бөлмөсүндөгү күндөр болуп көрбөгөндөй тажрыйба берди.

Азыркы учурда Германия мамлекетинде жашап жатканыма 6 ай болду. 1 жылга келишимдик негизде туризм багытында практика өтүү үчүн келгем. Кесибим жана жеке инсандык жактан өнүгүү үчүн пайдалуу идеяларды чогултуудабыз, ишке ашыруучу күндөр да алыс эмес. Тоскоолдук башыбызда гана, андыктан каалоо күчтүү болсо, «таштан гүл, чөлдөн суу» чыгарса болот», - деп айтып берди ал ийгиликтери тууралуу.

Залкар үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up