Ош шаарында «Жыл мугалими - 2018» сынагы жыйынтыкталат

Ош шаарында «Жыл мугалими - 2018» сынагы жыйынтыкталат

Билим АКИpress - Эртең, 30-май күнү Ош шаарында «Жыл мугалими - 2018» сынагынын финалдык баскычы өткөрүлөт. Буга чейин маалым болгондой, аталган сынак Ош шаарында өзгөчө белгиленип, баш байгенин ээси мэрия тарабынан автоунаа менен сыйланып келет.

Аталган сынактын мектептик баскычы март айында уюштурулуп, жеңүүчү болгон мугалимдер үстүбүздөгү жылдын апрель айында ачык сабактарды өтүп беришип, андан тышкары, мугалимдердин диагностикалык сынагына катышты. Эртеңки финалдык баскычка өткөн 5 мугалим үчүн жаңыча ыкма болгон социалдык тармактар аркылуу добуш берүү да уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up