Сүлүктү шаарындагы мектептерде «Энелер мектеби» жыйынтыкталды

Сүлүктү шаарындагы мектептерде «Энелер мектеби» жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Сүлүктү шаарындагы мектептерде 2017-2018-окуу жылына карата түзүлгөн «Энелер мектеби» жыйынтыкталды. Аталган программа Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун илимий эксперименттик тажрыйбаларынын негизинде иштелип чыккан. Ал «Ата-энелер сиздер үчүн» аттуу китебинин негизинде түзүлүп, Сүлүктүдөгү бардык мектептердин башталгыч класстарынын энелери үчүн курс катары киргизилген.

«Энелер мектебинин» натыйжасы менен «мектеп-окуучу-ата-эне» үч бурчтугун түзүүгө жетишип, жаш энелерибиз баланын жаш өзгөчөлүгү боюнча тарбиялоо усулдарынан билим алып, окуучуларыбыздын сабакка болгон мамилеси бир топ жакшырды. Буйруса, «Энелер мектебин» системалуу түрдө өнүктүрөбүз», - дейт мугалим Айнура Худойбердиева.

Анын айтымында, анда ата-энелер балдарды үйдо тарбиялоо, аларга туура мамиле кылуу жана окутуу боюнча атайын окуудан өтүшүп, ата-эне менен баланын жана мугалимдин ортосундагы мамилени чыңдоого өбөлгө түзүп, баланын мыкты билим алуусуна шарттар түзүлөт.

IMG-20180519-WA0030

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up