Аксынын кыргыз тилчи мугалими 6-класстын окуучулары менен бирге адабий-музыкалык кече өткөрдү

Билим АКИpress - Аксынын Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Усуп Токтосунов Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 6-класстын окуучулары менен биргеликте «Адептүү бололу» деген темада адабий-музыкалык кече өткөрдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Кечеде агайдын калеминен жаралган ырлар, интермедиялар, монолог, көркөм окуулар аткарылды. Тарбиялык мааниси чоң бул иш-чарага мектеп окуучулары кызыгуу менен катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up