Кара-Кулжада Ош облусундагы мугалимдердин туристтик аймак таануу семинар-мелдеши өттү

Кара-Кулжада Ош облусундагы мугалимдердин туристтик аймак таануу семинар-мелдеши өттү

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 2018-жылдын 26-майынан 30-майына чейин Кара-Кулжа районунун 1-Май айлында Ош облусундагы мугалимдердин XXX туристтик аймак таануу семинар-мелдеши болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — мектептердеги жана мектептен тышкаркы мекемелерде туризмди өнүктүрүү, туризмдин техникаларын, туулган жер боюнча билимдерин бышыктоо, туристтик өлкө таануу иштери боюнча тажрыйба алмашуу, туризм жана экология иштерин жайылтуу, мугалимдердин туристтик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу, Ош облусундагы мыкты туристтердин командаларын аныктоо.

Семинар-мелдешке облустун бардык райондорунан жеңүүчү деп табылган командалар катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Араван районунун «Чил Устун» командасы 1-орунду, Кара-Кулжа районунун «Ажике» командасы 2-орунду, Ноокат районунун «Олимп» командасы 3-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөр билим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин жана облустук балдардын чыгармачылык борборунун дипломдору, Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Облустук мугалимдердин туристтик жерин таануу семинар-мелдеши Алай районунуна өткөрүлүп берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up