Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучусу Мырзанын спорт тармагында жараткан ийгиликтери

Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучусу Мырзанын спорт тармагында жараткан ийгиликтери

Билим АКИpress - Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу Самарбеков Мырза мектепте алдыңкы окуучулардын бири. Мектепте коомдук иштерге активдүү катышып, спорт жаатында да ийгиликтерди жаратууда. Мектептин алдында уюшулган машыктыруу залында машыгып, райондук, облустук сынактарда байгелүү орундарды багындырып келет.

Мырзанын спорт жаатында жараткан ийгиликтери:

- Аксы районунун эркин күрөш федерациясы тарабынан уюштурулган Аксы кубогу үчүн мелдеште 69 кг салмакта 2 орун;
- Эл аралык эркин күрөш боюнча СССР спортунун чебери Бакен Жуманазаровдун жаркын элесине арналган мелдеште 2-орун;
- Грэпплинг боюнча Аксы районунун биринчилигинде 73 кг салмакта 1-орун;
- Ак-Дөбө айылында өткөрүлгөн Сулайманов Султанкулдун элесине арналган турнирде 74 кг салмакта 1-орун;
- Жерге-Тал айылында өткөрүлгөн окуучулар арасындагы спартакиадада 71 кг салмакта 1-орун.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up