Нарында «Китепканадагы кадыр кеч – 2018» кечеси өттү

Нарында «Китепканадагы кадыр кеч – 2018» кечеси өттү

Билим АКИpress - Нарын шаарынын Ж.Коӊурбаева атындагы китепканасында Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата «Кылым сүрүп жашап келет Нарыным» темасынын алкагында «Китепканадагы кадыр кеч - 2018» адабий-музыкалык кечеси ɵткɵрүлдү.

Кече китепкананын усулчусу Нуржан Токтобекова тарабынан ачылып, «Нарын шаары ɵнүгүү жолунда» аттуу фотосүрɵттɵрдүн тактасы жана «Нарын шаары мезгил агымында» аталышындагы китеп кɵргɵзмɵ уюштурулуп, китепкана кыматкерлери тарабынан баяндамалар жасалды.

Жергиликтүү акын-жазуучулардын Нарын шаары тууралуу чыгармалары, ошондой эле С.Нааматов атындагы НМУнун студенттеринин, А.Буйлаш уулу, А.Садыков атындагы орто мектептердин окуучуларынын шаардын басып ɵткɵн жолу, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу жазылган эсселери кɵркɵм окулду.

Нарын шаардык мэриясынын бɵлүм башчысы Нурлан Кайыпов шаардын азыркы мезгилдеги экономикалык ɵнүгүү кадамдары тууралуу маалымат берди.

«Китепканадагы кадыр кечте» шаардагы улуттар аралык ынтымак, кызматташтык, Теӊир-Тоонун таланттуу инсандары тууралуу да кеӊири сɵз болуп, жагымдуу ыр-күүлɵр менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up