Ак-Талаадагы сынакта окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларын сайма бетине түшүрүштү

Ак-Талаадагы сынакта окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларын сайма бетине түшүрүштү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук балдар билим берүү борборунда «Ч.Айтматовдун чыгармалары балдардын көзү менен» аталышында окуучулар арасында кол өнөрчүлөр сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Айнура Баязова билдирди.

Маалым болгондой, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакка катышкан окуучулар жазуучунун чыгармаларын кол өнөрчүлүк аркылуу көрсөтүп бере алышты. Алар Ч.Айтматовдун чыгармаларын сайма бетине түшүрүштү.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Асел Жеңишбекова, 2-орунду Айсулуу Орозбаева ээлешти. Ал эми 3-орунду Алина Акунова, Ырысгүл Жеңишбекова жана Марлен Багышбеков камсыз кылышты. Андан сырткары, активдүү катышкандыгы үчүн Мариям Искендерова, Жазира Атыканова, Розанна Турдубаева жана Айсулуу Шарипова сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up