Депутат Баткен мамлекеттик университетине Рахат Ачылованын ысымын ыйгарууну сунуштоодо

Депутат Баткен мамлекеттик университетине Рахат Ачылованын ысымын ыйгарууну сунуштоодо

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова (КСДП) Баткен мамлекеттик университетине Рахат Ачылованын ысымын ыйгарууну сунуштоодо.

Маалыматка караганда, аталган университетке Рахат Ачылованын ысмын ыйгаруу боюнча ага Баткен районунун Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана элдер атайын кат менен кайрылышкан. Катта ЖКнын экинчи чакырылыштагы депутаты, философия илимдеринин доктору, илимпоз Рахат Ачылованын ысымын Баткен мамлекеттик университетине ыйгаруу сунушталган. Бул сунуш ички Иштер министри К.Жунушалиевдин Баткен районунун Актатыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл округдарынын эли менен болгон жолугушуусунда да айтылып, токтом кабыл алышкан.

Маалымдама: Р.Ачыловадан көптөгөн жаштар билим алган, мамлекетке кадр даярдоодо анын жетекчилигинде 3 илимдин доктору, 10 илимдин кандидаты даярдалып чыккан. 150дөн ашык илимий эмгектери жарык көрүп, чет өлкөлөргө да чыгып, колдонулууда. Эл өкүлү катары элдин эконмикалык абалын жогорулатууда кошкон салымы үчүн «Баткен шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up