Паракорчулукка айыпталган КУУнун мугалимдери: Бири жумуштан кетти, экинчиси сынактарды кабыл алууга катышпайт

Паракорчулукка айыпталган КУУнун мугалимдери: Бири жумуштан кетти, экинчиси сынактарды кабыл алууга катышпайт

Билим АКИpress - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мурунку студенттери тарабынан паракорчулукка айыпталган окутуучулардын бирөөсү жумуштан кетти, ал эми экинчисине сынактарга катышууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу 1-июнда Билим АКИpress сайтына аталган университеттен билдиришти.

Буга чейин «Вести» сайты 25-апрелде 2 студенттин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен КУУнун эки факультетиндеги (экономфак жана журфак) паракорчулук тууралуу жазып чыккан. Маалым болгондой, 2 кыз аталган ЖОЖдун студенттери болушкан, бирок окууга барышчу эмес, сессия убагында методистке жана окутуучуга баа саатып алуу («развод») үчүн 12-15 миң сомдон акча берип турушчу. Кыздардын билдирүүсү боюнча, дипломдук иш жаздыруу үчүн алар 2017-жылы өз мугалимдерине 8-16 миң сомдон беришип, бирок Интернеттен көчүрүлгөн материал алышкан. Алар акыркы сынактарды өздөрү тапшырууга жана дипломдук ишти «3» деген баага жактоого аргасыз болушкан. Дипломду колго алгандан кийин студенттер журналисттерге мугалимдер менен жазышкан СМС билдирүүлөрдүн сүрөттөрүн (скриншот) жана жашыруун тартылган видеону беришкен.

Улуттук университеттин жетекчилиги бул кырдаал боюнча «укук коргоо органдарын тартуу менен расмий иликтөө жүргүзүүгө кызыкдар» экенин билдирген. КУУнун ректору бүтүрүүчүлөрдөн университеттин жетекчилигинин дарегине арыз жазууну сураган. Окуу жайдан ошондой эле экономика жана журналистика факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүн изилдөө боюнча ички иликтөө жүргүзүшөрүн маалымдашкан.

«Териштирүү абдан катуу болду», - деди Билим АКИpress сайтына 1-июнда экономика факультетинин деканы профессор Эркин Кулова. Анын айтымында, паракорчулукка айыпталган Д.С. экономика илимдеринин кандидаты жана кафедранын алдыңкы доценти болчу. «Ал көрсөтүлгөн видео монтаж экенин жана студентти сотко берерин айтты», - деди декан. Бирок, ал студентти ЖОЖ таба албай койду, ал эми айыпталган доцент өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, КУУдан кетти.

«Ар бир мугалим мындай кырдаалга туш болушу мүмкүн. Билбейм, азыр биздин студенттер жаздыруучу телефондору менен кирип, ар кайсы кепти айтышат. Мен муну декан катары айтып жатам. Мени болсо камера сактап турат. Мен дароо эскертем (студенттерди), бардыгы жазылып жатат», - дейт Эркин Кулова.

«Айыпталган мугалимдердин экинчиси, телерадиожурналистика кафедрасынын методисти У.Ж. быйыл сынактарды кабыл алууга катышпайт, уруксат берилген жок», - дешти КУУнун басма сөз кызматынан. Ал мугалимге жана журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеевага сөгүш жарыяланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up