Баетов айылынын окуучусу Алинага РИИБ кызматкерлери белектерди тапшырышты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын кичинекей тургуну, «Кичинекей ханыша - 2018» сынагынын жеңүүчүсү Алина Акуновага райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан белек тапшырылды. Бул тууралуу жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Бермет Мамбеталиева билдирди.

Маалым болгондой, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата аталган айылдын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин алдыңкы окуучусу А.Акунова РИИБинин кызматкерлери Бермет Мамбеталиева, Сүйүнбек Кадыров жана Максат Арунов тарабынан азык-түлүк, таттуу азыктар жана канцеляриялык буюмдар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up