Ак-Кыяда аймактарды өнүктүрүүдө бала бакчанын ролу боюнча облустук семинар өткөрүлдү

Ак-Кыяда аймактарды өнүктүрүүдө бала бакчанын ролу боюнча облустук семинар өткөрүлдү

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылынын «Келечек Муун» бала бакчасында «Айылды өнүктүрүүдө бала бакчанын жана улуттук педогогиканын ролу» аттуу облустук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, семинардын негизги максаты – аймакты өнүктүрүүдө бала бакчадан алган билимдин мааниси, балдарды бала бакчада тарбиялоодо балдарды патриоттуулукка, туулган жеринин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, тарбиячылардын педогогикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, ага багыт берүү.

Семинарга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, облустук усулдук билим берүү бөлүмүнөн, 5 райондун жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана бала бакчалардын жетекчилери катышты. Андан сырткары, Кыз-Жайлоодо жайлоо бала бакчасын уюштуруу боюнча пландар менен кеңири таанышып кайтышты. Жакынкы аралыкта жайлоо бала бакчасы уюштурмулай болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up