Нарын университетинин окумуштуулары эл аралык онлайн илимий конференцияга катышты

Билим АКИpress - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Унаа жана машина куруу» факультети тарабынан онлайн режиминде уюштурулган эл аралык конференцияга С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын докторанты, техника илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Э.Д.Молдалиев жана анын аспиранты К.Ж.Мамбеталиева илимий изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасашты.

Эл аралык конференцияга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын техникалык адистиктеринен сырткары, Москва автожол мамлекеттик университетинин, Ташкент автожол институтунун, Омск катнаш жолдору мамлекеттик университетинин, Якут университетинин жана башка жогорку окуу жайлардын техникалык багыттагы окумуштуулары катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up