Аламүдүн районунун окуучулары «Акыл таймашта» 1-орунду камсыз кылышты

Аламүдүн районунун окуучулары «Акыл таймашта» 1-орунду камсыз кылышты

Билим АКИpress - Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Акыл таймаш» интеллектуалдык таймашында Аламүдүн районуна караштуу О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Бүчүр» командасы 1-орунду алды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мамбетиманова Гүлнара билдирди.

«Сынакка биздин мектептин 6-классынан 5 окуучу катышты. Аларды кыргыз тили жана адабияты мугалими Дүйшембиева Элзат Жумашевна даярдаган. Бул оюнга райондук жана шаардык турларда жеӊип келген командалар күч сынашты. Ошондой эле биздин мектептин 10-классынын окуучусу Албина Жумабекова Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган «Президент сүйлөйт» интеллектуалдык таймашына катышып, 2-орунду камсыз кылды. Бул таймаш да Бишкек шаары жана Чүй облусунун окуучулары арасында болуп өттү», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up