Жалпы республикалык тестирлөө-2018: Тарых сабагы эң популярдуу предметтик тест болду

Жалпы республикалык тестирлөө-2018: Тарых сабагы эң популярдуу предметтик тест болду

Билим АКИpress - Кошумча каттоону кошкондо 2018-жылы жалпы республикалык тестирлөөнү 45 миң 607 абитуриент тапшырды. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун PR-адиси Чынара Батракеева маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, кыргыз тилинде 29 миң 49 адам тест берди, ал эми орус тилинде — 16 миң 558 адам. Эң популярдуу тест болуп салттуу түрдө тарых сабагы болду. Аны 24 миң 293 абитуриент тандап алды. Тарых сабагынан тест гуманитардык багыттагы адистиктер үчүн тапшырылат.

Биологияны 14 миң 309 бүтүрүүчү тандады, химияны — 10 миң 922. Бул предметтерди жогорку медициналык билим алууну пландагандар тапшырат.

Математика сабагынан 10 миң 264 адам тест берди, физикадан — 5 миң 541 жана англис тилинен 9 миң 674 абитуриент тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up