Бишкекте Европанын Билимкана мектеби ачылды: Окуунун баасы 4 миң АКШ доллары

Бишкекте Европанын Билимкана мектеби ачылды: Окуунун баасы 4 миң АКШ доллары

Билим АКИpress - Франция элчилигинин колдоосу менен Бишкекте Bilimkana European School аталышындагы жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу 4-июнда Франция элчиси Микаэль Рунун катышуусунда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында расмий түрдө жарыяланды.

Жаңы мектеп тууралуу анын директору Стефан Эро, Германиянын Zfa program уюмунун өкүлү Таты Токтосунова жана Билимкана фондунун башкы директору Элнура Осмоналиева айтып беришти.

Маалымат жыйындын катышуучулары жаңы Билимкана мектебиндеги чет тилдердин келечектүүлүгү жана окутуунун пайдалары жөнүндө айтышты. Максаты — окуучуларды өлкөлөрдөгү француз жана немец тилдүү университеттерге тапшырууга даярдап чыгуу.

Э.Осмоналиеванын айтымында, Bilimkana European School толук күндүү, франко-герман адистигиндеги мектеп болуп эсептелет. Анда окуучулар аталган тилдерде маалымат алып жүрүүчүлөр менен тилдерди үйрөнүшүп, европалык стандартташтырылган тесттерди тапшырууга даярданышат — DELF (француз тилин үйрөнгөнү тууралуу диплом) жана DSD (DSDII деңгээлине тапшыруу үчүн талап кылынган немис тилин үйрөнгөнү тууралуу диплом) сыяктуу.

Мектепте ошондой эле англис тили жана математика окутулат. Жогорку класстарда IELTS тапшырууга өлкөнүн алдыңкы адистери менен күчөтүлгөн даярдык жүргүзүлөт. Бардык тил сабактарын жүргүзүүдө деңгээлдик тайпаларда адамдын саны 10-12ден ашпайт.

Мектептин директору Стефан Эро эл аралык билим берүү тармагында 10 жылдык иш тажрыйбасы бар экенин айтты. Француз, англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Анын айтымында, ал мектептин ишине Франция менен Германиядан профессионалдуу окутуучуларды тарткан. Азыркы учурда 0-11-класстарга окуучуларды кабыл алуу башталды.

Элнура Осмоналиева ошондой эле мектепте кыргыз мамлекеттик стандарты жана европалык стандарт түзүлүп жатканын кошумчалады. Ал бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттарды алып, Европадагы ЖОЖдорго окууга тапшырууга мүмкүндүк берет.

Тапшыруунун жогорку пайызын камсыз кылуу үчүн мектепте абитуриенттерди колдоо бөлүмү бар. Ал жогорку класстын окуучуларына Сорбонна, Мюнхен ж.б. Европанын кадыр-барктуу, эң мыкты университеттерине тапшыруу үчүн бардык жагынан жардам берерин айтышты мектептин түзүүчүлөрү.

Аталган мектепте билим алуунун баасы 4 миң АКШ долларын түзөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up