Темир роза жана чаян: №100 кесиптик лицейдин студенттеринин дипломдук иштери (фото)

Темир роза жана чаян: №100 кесиптик лицейдин студенттеринин дипломдук иштери (фото)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейдин «электргазширетүүчү» адистигин бүтүргөн студенттер өздөрүнүн дипломдук иштерин көрсөтүштү.

Ошентип, студенттер жалпак темирлердин бөлүктөрүнөн роза, бурамалардан чаянды ширетишти.

«Роза кудум чыныгы сыяктуу, дээрлик тирүү, бүчүр байлап, тикенек-жалбырактарын коё берген… Роза темир экенин анын оор салмагы гана эстетип турат. Бир канча кг болгон розаны Шаар күнүнө жасашкан, ошондуктан бул — лицеисттердин Бишкекке болгон белеги», - деди студенттердин коопсуз миграция боюнча тренери Маргарита Лазуткина алардын ишин мактап.

Иштердин арасында ошондой эле электрлештирилген үй бар. Анда электр зымы, лампа бар, караңгыда үйдүн терезелеринен жарык келип турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up