Жайында Кыргызстан боюнча 100 жайлоо өнүгүү борбору иштейт

Жайында Кыргызстан боюнча 100 жайлоо өнүгүү борбору иштейт

Билим АКИpress - 2018-жылдын жайында Кыргызстан боюнча 100 жайлоо өнүгүү борбору иштейт. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык билим берүү фондунан билдиришти.

Фонддун кызматкери Топчугүл Шайдуллаеванын маалыматы боюнча, жайлоо өнүгүү борборунда окуу атайын программа менен өткөзүлөт, программаны И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетитин педагогика факультетинин доценти Т.Орусбаева, Э.Тентиева баштаган топ иштеп чыккан.

«Жыл сайын Жайлоо өнүгүү борборлоруна атайын бир тема тандалып, ошого басым жасалат. 2018-жылы Экологиялык тарбия берүү жана илим темаларына басым жасалат. Ар бир Жайлоо өнүгүү борборлорун окуу куралдар менен камсыз кылууда фонд ар кайсы жеке ишканаларга, эл аралык уюмдарга, мамлекеттик органдарга кайрылуу менен камсыз кылып келүүдө. Бизге жардам берген өнөктөштөр «Бай-Түшүм банкы», «Компаньон», «Финка», «Кумтөр» жана 3 жылдан бери жакшы жардам берип келе жаткан «ТИКА» Түрк кызматташтык уюму», - деди ал.

Жайлоо өнүгүү борборлору 2014-жылы 35 жайлоо өнүгүү борборлору менен иш баштаган, 2015-жылы 87 борбор, 2016-жылы 117 борбор, 2017-жылы 98 борбор иштеген. Быйылкы 2018-жылга 100 өнүгүү борбору ачылуусу күтүлүүдө. 4 жылдын аралыгында (2014-2017) 9 миң 100 бала, 3 миң 500 ата-эне камтылды.

Жайлоо өнүгүү борборлору малчылардын балдарын (3-14 жаш) жана ата-энелерди окутуу, аларды ар кандай турмуштук көндүмдөргө үйрөтүү максатын көздөйт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up