Баткен мамлекеттик университетин 1,5 миңден ашуун студент аяктады

Баткен мамлекеттик университетин 1,5 миңден ашуун студент аяктады

Билим АКИpress - 2017-2018 окуу жылында Баткен мамлекеттик университетин 1,5 миңден ашуун студент аяктады. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын маалымат бөлүмүнүн башчысы Асылкан Исмаилова билдирди.

Маалыматка ылайык, БатМУда 22 багыт боюнча окутуу жүргүзүлөт. Ошондой эле 18 орто багыт боюнча билим берилет. Абитуриенттер үчүн бир жылдык келишим 19-23 миңге чейинки сумманы түзөт.

Быйылкы жылга келишимдик негизде жогорку кесиптин күндүзгү бөлүмүнө 1 миң 150, сырттан окуу бөлүмүнө 590 абитуриент кабыл алынат, ал эми орто кесип боюнча келишимдик негизде күндүзгү бөлүмгө 1 миң 195, сырттан окуу бөлүмүнө 588 абитуриент кабыл алынат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up