Билим АКИpress: Ат-башылык Т.Жеткинбекова «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду (фото)

Билим АКИpress: Ат-башылык Т.Жеткинбекова «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду (фото)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы «Ой-Терскен» орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Толкун Жеткинбекова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болду.

Толкун 1-класстан тартып бардык сабактарын «5» деген баага окуп, ар тараптан таланттуу болчу. 2-классында Ж.Шералив атындагы музыкалык мектепке кирип, 5 жыл окуп, «комуз» классын бүтүргөн. Ушул мезгилден баштап чыгармачылык дүйнөгө аралашып, ыр жазып баштаган. 5-класстан баштап ар кандай олимпиада, сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылган. Англис тилин окуп-үйрөнүүгө кызыгып, 5-класстан бери ар кандай курстардан окуп, англис тилинде эркин сүйлөйт.

Толкундун жараткан ийгиликтери:

- АКМО – математикалык республикалык олимпиадага катышып, райондо, облуста 1-2-орундарды камсыз кылып, республикада кызыктыруучу сыйлыкты алган.

- «Ат-Башым» фонду тарабынан өткөрүлгөн 6-7-класстар арасындагы 5 предметтик олимпиадада (математика, кыргыз тили, орус тили, биология, тарых) эки жыл катары менен 1-орунду камсыз кылган.

- 2015-2016-окуу жылында 9-классты артыкчылык күбөлүгү менен аяктаган.

- 2016-2017 окуу жылында математика сабагы боюнча олимпиадада райондон 1-орунду, облустан 3-орунду камсыз кылган.

- «Жаш таланттар - 2014» кароо-сынагында «Дастан айтуу» номинациясы боюнча райондон 1-орунду, облустан да 1-орунду жана республикадан 2-орунду ээлеген. Ушул эле учурда «Сармерден» долбооруна жолдомо алып, 19-айлампасына катышкан.

- «Жоокер ыры - 2015» кароо-сынагынын райондук турунда 2-орунду камсыз кылган. Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакта облустан 3- орунду ээлеген.

- «ООН Аялдар» уюму тарабынан уюштурулган долбоордун негизинде «Менин бейпил мектебим» темасынын алкагында тең насаатчылык кылып, жыл ичинде окуучуларга семинар-сабак өтүп, ийгиликтерге жетишкен. Натыйжада «Алтын сертификатка» ээ болуп, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алып, Бишкек шаарындагы «Оксфорд» мектебинен англис тили боюнча акысыз билим алган.

- 2017-жылы жайкы каникул мезгилинде Америка элчилиги тарабынан өткөрүлгөн сынакка катышкан. Бул сынакта англис тилинде 3 темада эссе жазып, Америкада билим алуунун жолдору боюнча бекер окууга жана 7 күндүк лагерге эс алууга жолдомо алып, сертификат менен сыйланган.

- 2018-жылы Америка элчилиги тарабынан өткөрүлгөн «American song contest 2018» сынагына катышып, райондук жана облустук турларында 2-орунду алып, финалдык турунда сертификат жана кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон.

Толкун убактысын туура пайдаланып, ар бир эс алуу мезгилдеринде Бишкек шаарындагы «SECOM» билим берүү борборунан жана жеке курстардан билим алып, ЖРТга даярданды. Талыкпай окугандыгынын натыйжасында ушундай ийгиликтерге жетишти. Мындан сырткары, коомдук иштерге катышып, мектепте үлгүлүү жүрүш-турушу жана окуудагы жетишкендиктери менен мектептин сыймыгы болуп келген. Акыркы коңгуроо салтанатында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн, Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары жана мектептин грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле жеке ишкер Б.Жаныбековдун 5 миң сом суммасындагы «Бакыбай» сыйлыгына татыды.

Учурда «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгондугуна байланыштуу мамлекеттик сынактардан бошотулуп, ЖРТдан жакшы упай алууну тилек кылууда. Келечекте И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, кийин билимин чет өлкөлөрдө уланткысы келет жана кыргыз элине кызмат кылган мыкты дарыгер болууну максат кылат.

«Мага билим берген «Ой-Терскен» орто мектебинин жалпы мугалимдерине жана ата-энеме терең ыраазымын», - дейт кубанычы койнуна батпаган Толкун Жеткинбекова.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу. Атасы кесиби боюнча зоотехник, жеке ишкерлик менен алектенет, апасы мугалим.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up