Кадамжайдын Халмион айылындагы мектептин ийгиликтери

Билим АКИpress - Кадамжай районуна караштуу Халмион айылында жайгашкан Хайтмат Сабиров атындагы толук эмес орто мектеби 2002-жылы иштеп баштаган. Мектеп жыл сайын чоӊ ийгиликтерге ээ болуп келүүдө. Бул тууралуу аталган мектептин директору Давранжон Матмусаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, аталган мектепте 33 мугалим 353 окуучуга сабак берет. Алардын ичинен 30 мугалим жогорку билимдүү. Мугалимдер сабактарын жаӊы педагогикалык технологиялар менен ѳтүп, окуучулардын келечеги үчүн эмгектенишет. Аларды мекенди коргоого, табиятты сүйүүгѳ, улуттар аралык ынтымакты сактоого үйрѳтүшѳт. Мектепте кѳп жылдан бери эмгектенген мугалимдер кѳп. Андан тишкары, ѳз ишин мыкты аткарган мугалимдер да жок эмес.

«Биздин мектепте кыргыз, орус, англис тилдери ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу менен окутулат. Окуучуларды ден соолугун бекемдѳѳ жана аларды спорт менен машыгуусунда мектептин дене тарбия мугалимдери Турсунов Гайрат жана Хамдамжон уулу Абдуллохтун салымы чоӊ. Алардын окуучулары ар жылда окуучулар арасында футбол боюнча мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

Мектепте билим сапатын жогорулатуу максатында ачык сабактар, иш-чаралар, семинарлар ѳткѳрүлүп турат. Окуучулар предметтик олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды камсыздашат. Англис тили предметинен 3 окуучу — Юлдашов Озодбек, Марипжан уулу Абдувожид, Хайрулло уулу Абдуллох республикалык олимпиадага катишып келишти. 4-класстын окуучусу Абдибокиева Хушноза «Билимкана» өткөргөн математика предмети боюнча райондук олимпиадада жеңүүчү болуп, республикалык туруна өттү.

Спорттун таэквондо түрү менен биздин окуучулар кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишти. 2-класстын окуучусу Абдукаххорова Жамилахон январь айында Ош шаарында өткөн Таэквондо боюнча чемпиондукта 1-орунду, 4-класстын окуучусу Тожимахамматов Тимур 1-орунду ээледи. 2018-жылдын апрель-май айында болуп ѳткѳн Таэквондо боюнча Россия ачык чемпиондугунда 5-класстын окуучусу Абдувахоб уулу Улугбек, 6-класстын окуучусу Мирзахакимов Билолиддин 3-орунду ээлеп кайтышты.

2017-2018-окуу жылында «Жаш энелер мектеби» түззүдү. Анын жетекчиси, мектептин соцпедагогу Таваккал кызы Муаззам жаш энелер менен жекече иш алып барууда. Энелердин жакшы түшүнүгү жана байланыштары менен чоӊ ийгиликтерге ээ болду. Март айында «Энем менен сыймыктанам!» атту иш чара ѳттү. Мектептин материалдык базасын чыӊдоо максатында ата-энелер жана долбоорлор менен иштѳѳ жакшы жолго коюлган. Демѳѳрчүлѳр тарабынан мектеп имараты толугу менен заманбап оңдоп-түзөөдөн ѳткѳрүлдү. Класстык бөлмөлөргө маркер-доскалар менен проекторлор орнотулду. Айыл ѳкмѳтү тарабынан берилген 1 гектар жер аянтына 700 түп курма кѳчѳтү отургузулду. Жеке ишкерлер тарабынан заманбап мини-стадион курулду. Бүткүл дүйнѳлүк азык-түлүк программасы менен иштеп, мектепке 400 миң сом инвестиция тартылды. Мектептин ашпозчусу Юлдашова Мукаддас ашпозчулар сынагында женүүчү болуп, «Даамдуу билим» аттуу журналда өзүнүн жашыруун рецепти менен чыкты. Азыркы күндѳ Халмион айыл ѳкмѳтү жана элдин салымы менен 12 миллион сомдук кошумча окуу кааналары курулуп жатат.

«Менин кѳмѳкчү чарбам» долбоорунун негизинде география мугалими Хатамбоева Махфуза окуучулар менен мектептин аймагына жашылча-жемиштерди ѳстүрүп эмгектенишет. Ал жетектеген долбоордун окуучулары 3 жылдан бери мектеп ашканасына жашылча-жемиштерди жеткерип берет. М.Хатамбоеванын демилгеси менен быйылкы жылда да «Кѳрктѳндүрүүнүн үч айлыгында» мектепте 250 чарчы метр жерге жашылчалар, 300 чарчы метр жерге картошка, фасоль, помидор эгишти. Жаӊы окуу жылынын сентябрь айына карата бышып жетишкен жемиштерди мектеп ашканасына тапшырууну пландап жатышат. Азыркы күндѳ мектепте «Толеранттуулук жана компетенттүүлүк» боюнча кѳп иштер жүрүп жатат. Анткени мектептин ар бир окуучусунун келечеги жана анын ѳлкѳдѳгү ѳз ордун ээлешинде мугалимдин жана мектептин таасири чоӊ», - деп айтып берди мектептин директору Давранжон Матмусаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up