Фото — Студенттер кыз ала качууга каршы нааразылыкка чыгышты

Фото — Студенттер кыз ала качууга каршы нааразылыкка чыгышты

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында 6-июнь күнү кыз ала качууга каршы студенттердин нааразылык флеш-мобу өттү. Иш-чара «Enactus Кыргызстан» уюму, Билим берүү министрлиги, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган. Ага Бишкектеги бардык университеттерден 1,5 миң студент катышты.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, бул — Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган биринчи акция. «Вице-премьер-министрдин жетекчилиги астында Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыга турган чоң жумушчу тайпасы түзүлдү», - деди ал.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев жыл сайын Кыргызстанда 50 миңдей үй-бүлө куруларын маалымдады. Алардын ичинен 5-7 миңге жакын үй-бүлө кыз ала качуу жолу менен курулат. Алардын 6%ы кыздын каршылыгына карабай, зордуктап үйлөнгөндөр. «Бул кейиштүү статистика. Бул кыргыздын салты эмес жана эч качан салт болгон эмес. Кыз ала качуу — бул уятсыздык, бул жапайчылыктын, мыкаачылыктын, артта калгандыктын белгиси», - деп билдирди өлкөнүн башкы укук коргоочусу.

«Никеге туруу үчүн мажбурлап кыз ала качуу адамдын эркиндигине каршы кылмыш катары мүнөздөлүшү керек. Мындай кылмыш ала качкан кызды зордуктоо, кыйноо жана ага кыянат мамиле кылуу менен коштолот. Мындай учурларда кылмыш иши бир гана 155-берене менен эмес, Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча козголушу керек. КРнын Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү парламенттин карап чыгуусуна киргизүүдөбүз, азыр долбоор астында иштеп жатабыз», - деди акыйкатчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up