Америкалык ыктыярчы Келли Мария Оштун окуучуларына англис тилин үйрөтөт

Америкалык ыктыярчы Келли Мария Оштун окуучуларына англис тилин үйрөтөт

Билим АКИpress - Келли Мария Кроуфорд — Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы, учурда Ош шаарында иштеп, жашайт. Ал АКШнын Джорджия штатынын Кенессо шаарынан келген. Жолдошу Данкэн Балингер экөө Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары, 6 айдан бери Ош шаарынын мектептеринде англис тилинен сабак беришет.

Келли Мариянын айтымында, өзүнүн ыктыярчылыкка, жаңы маданиятты таанууга жана саякаттоого кызыгуусу студенттик жылдарынын башында эле пайда болуптур. Студент кезинде болочоктогу жолдошу менен таанышып, экөөнүн тең кызыгуусу бир болуп чыгат. Келли Мария университетти бүтүргөндөн кийин алар үйлөнүшүп, Кыргызстанга келишет. Келли Мария жана Данкэн чыгымы көп салттуу америкалык үйлөнүү тоюнун ордуна Ирландияга сапарды артык көрүшкөн. Андан кийин Кыргызстанга келишкен.

Баарынан да Келли кыргызча оюн түшүндүрө алат, андыктан биздин баарлашуубуздун көп бөлүгүн котормочусуз өткөрдүк.

- Мен 22 жаштамын. Джорджия штатындагы Кеннесо мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер жана француз тили адистиги боюнча окудум. Жогорку класстын окуучусу кезимде эле Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болорумду билчүмүн, анткени өзүмдү өнүгүү чөйрөсүнө арноону чечкен элем.

- Эмне үчүн ыктыярчылык ишиңизде Кыргызстанды тандап алдыңыз?
- Биз 2016-жылдын августунда Тынчтык Корпусуна билдирме бергенбиз жана дүйнөнүн кайсы жерине болсун, кетүүгө даяр болчубуз. Бизди Кыргызстанга жиберишерин айтканда абдан кубанычта болдук. Себеби Борбордук Азиядагы меймандос өлкө экенин билчүбүз.

- Биринчи таасириңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Кыргызстан – бийик тоолордун өлкөсү, бул мага аябай таасир этти. Келгенден кийин Бишкекте бир аз болуп, анан Ошко келдик. Эки кооз жана ынак шаарлардын ортосундагы айырманы көрүү абдан кызык. Бишкек чоң шаар, космополиттик деп койсок болот, ошол эле кезде Ош кыйла борборазиялык.

- Сиздерге кайсы нерсе көбүрөөк жакты?
- Мага баарынан мурда Кыргызстандын табияты жагат. Биз Сулайман-Тоонун этегинде жашайбыз жана мезгил-мезгили менен сейилдеп турабыз. Ошондой эле жергиликтүү тамакты, өзгөчө чөп-чар кошулган көк чүчпараны, ашкабак кошулган самсы менен мантыны жактырам. Мага бизди кабыл алган апабызга ушундай тамактарды жасаганга жардамдашуу жагат.

-Кызыгууңуз тууралуу айтып берсеңиз?
- Менин хоббим – жөө басуу, йога менен машыгуу, ошондой эле штатта жолдошум экөөбүз сыра кайнатканга кызыгып калганбыз – бул кызыктуу процесс. Бул жерде да жөө басам. Жайында жөө басып рахатка батуу үчүн Алайга барууну пландаштырып жатам. Муну менен бирге бизге үстөлдүгү оюндар жагат, кабыл алган үй-бүлө менен биргеликте ар кыл үстөл оюндарын ойнойбуз. Биз аларды америкалык оюнга, алар бизди жергиликтүү оюнга үйрөтүшөт.

-Ишиңиз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
- Жолдошум экөөбүз Ошто 2017-жылдын октябрынан бери иштеп жатабыз. Мен мектеп-лицейде, ал эми жолдошум Данкэн орто мектепте иштейт. Мага жергиликтүү мугалимдер менен иштеген жагат. Жергиликтүү англис тилинен берген мугалимдер менен бирге 4-5-8-9-класстардын окуучуларына англис тилин окутам. Биздин мектептин өзгөчөлүгү мында болмокчу: биз мектепте үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде окутууну киргизгибиз келет. Бул багытта англис тилинде сүйлөй алган маалымат технологиясынан берген мугалим менен иштешип жатам. Мен ага ал англис тилинде сабак берүүсү үчүн бул тилде сүйлөп көнүгүүсүнө жардам берем.

Кийинки жылга биздин максатыбыз – МКТнын (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар) айрым сабактарын англис тилинде өткөрүү. Менин оюмча, англис жана МКТ билимин айкалыштыруу мектеп окуучуларынын учурдун талаптарына даяр болуусуна жардам берет. Мектептен сырткары, студенттер үчүн англис тили бурчунда англисче сүйлөшмө ийримин өткөрөм, ошондой эле окутуучулардын «Форум» англис тили ассоциациясы менен иштешем. Жалпысынан алганда өзүмдүн ишиме ыраазымын, мугалимдер өнүгүүгө абдан кызыкдар, ал эми окуучулардын англис тилин окууга болгон жигери күндөн-күнгө өсүп баратат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up